Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бишкекте 25 жыл мурун "Мир" телеканалы ачылган

© Фото / телерадиокомпания "Мир" / Мирлан Макаев"Мир" телерадиокомпаниясы бүгүн 25 жылдыгын белгилеп жатат
Мир телерадиокомпаниясы бүгүн 25 жылдыгын белгилеп жатат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медиа-долбоор түзүү жөнүндөгү пактыга мурдагы СССРдин курамындагы 10 мамлекет кол койгон

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. "Мир" телерадиокомпаниясы бүгүн 25 жылдыгын белгилеп жатат.

Чейрек кылым мурда Бишкек шаарында он мамлекеттин башчысы мамлекеттер аралык телерадиокомпания түзүү жөнүндө келишимге кол койгон.

Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун жаш журналисттер үчүн кезектеги окуусу башталып, ал 7-сентябрга чейин уланат - Sputnik Кыргызстан
Sputnik агенттиги жаш журналисттер мектебинин эшигин ачты
Телеканалдын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, учурда аларды 20 мамлекеттин тургундары көрөт. Канал Австрияда, Азербайжанда, Арменияда, Белоруссияда, Болгарияда, Германияда, Грузияда, Израилде, Казакстанда, Кыргызстанда, Латвияда, Молдовада, Россияда, Сербияда, Тажикстанда, Украинада, Финляндияда, Чехияда, Швейцарияда жана Эстонияда тартат. Жалпы аудитория 56 миллион кишиден ашат.

Учурда Эл аралык "МИР" телерадиокомпаниясынын курамына "МИР", "МИР 24", "МИР HD", Радио"МИР", www.mir24.tv порталы жана "МИР-Телепорт" көп функциялуу спутникалык системасы кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0