Атамбаев Жумакадыровду акыркы сапарга узатып жатып, көзүнө жаш алып сүйлөдү

© Sputnik / Табылды КадырбековПанихида по погибшему в ДТП вице-премьер-министру КР Темиру Джумакадырову
Панихида по погибшему в ДТП вице-премьер-министру КР Темиру Джумакадырову - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер Темир Жумакадыровдун сөөгү Бишкек шаарындагы"Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев жол кырсыкка кабылып каза тапкан Темир Жумакадыровду акыркы сапарга узатып жатып, көзүнө жаш алып сүйлөп, бир жарк эткен жылдыз болгондугун айтты.

Панихида по погибшему в ДТП вице-премьер-министру КР Темиру Джумакадырову - Sputnik Кыргызстан
Темир Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты. Тексттик трансляция
2017-жылы 7-октябрда Москва районунун Садовое айылында вице-премьер Темир Жумакадыров кетип бараткан жол тандабас жүк ташуучу автоунаа менен кагышкан. Жумакадыров жол кырсыгы болгон жерден каза болгон. Аны менен чогуу жардамчысы жана айдоочу дагы мерт кеткен.

Атамбаев Жумакадыровдун келечегин чоң ишенимдер менен байланыштырганын айтты.

"Темир Жумакадыров коррупция, күч түзүмдөрүн реформалоо үчүн көп иштерди жасады. Жаш болсо да акылман эле. Мен аны менен кеңешчүмүн. Вице-премьерлик кызматка жөнөтүп жатып, буюрса кийинки президенттердин бири сен болосуң, өкмөттүн иштеп жатканын бир көр дегем. Темир жарк этип жанып, кайра өчкөн жылдыз сымал болду. Аны кара булуттар каптап кетти. Ал биздин жүрөгүбүздө кала бермекчи. Ал из калтырып кетти", — деди Атамбаев.

Президент бул сөздөрдү айтып жатып, ыйлап жиберди.

Вице-премьер Темир Жумакадыровдун сөөгү Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Жаңылыктар түрмөгү
0