Сочидеги Жаштар фестивалына Азия MIX баштаган 200гө чукул активист барат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Азия MIX" КВН командасынын оюнчулары. Архив
Азия MIX КВН командасынын оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестивалга 18ден 35 жашка чейинки дүйнөнүн 150 өлкөсүнөн 20 миңден ашуун жаш активисттери катышат

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Кыргызстандын 200гө чукул жаш активисти 14-22-октябрь күндөрү Россиянын Сочи шаарында өтө турган Жаштардын жана студенттердин XIX дүйнөлүк фестивалына катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, фестивалга дүйнөнүн 150 өлкөсүнөн 18ден 35 жашка чейинки 20 миңден ашуун активист бармакчы. Бул иш-чарага Кыргызстан быйыл алгачкы ирет катышууда.

"Фестивалдын жүрүшүндө катышуучулар ар кандай талкууларга, маданий, спорттук жана илим-билим жаатындагы иш-чараларга катышат. Мынлан сырткары, EXPO көргөзмөсү үчүн Кыргызстанга 40 чарчы метрлик аянтча берилген", — деп айтылат билдирүүдө.

Сочиге барчу Кыргызстандын делегациясы ар тармакта эмгектенген жана окуган жаштардан куралган. Алар жаштардын коомдук уюмунун өкүлдөрү, журналисттер, чыгармачыл жаштар жана спортчулар, инженер жана IT адистери, саясий партиялардын жаштар канытынын өкүлдөрү, жаш ишкерлер, мыкты студенттер, жаш окумуштуулар жана ЖОЖ мугалимдери. Арасында 2016-жылдагы КВНдин Жогорку лигасынын чемпиону Азия MIX командасы да бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0