Ошто жыл башынан бери жол кырсыгынан улам 80 адам каза болду

© Sputnik / Зульфия ТургуноваЖол кырсыктарын болтурбоо, алдын алуу максатында учурда "Маяк" аталышындагы рейд өткөрүлүп жатат.
Жол кырсыктарын болтурбоо, алдын алуу максатында учурда Маяк аталышындагы рейд өткөрүлүп жатат. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл башынан бери Ош облусунун аймагында жалпы 530 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 847 адам ар түрдүү жаракаттарды алып, ооруканага түшкөн.

ОШ, 8-окт. — Sputnik. Ош облусунун аймагында катталган жол кырсыктарынын кесепетинен 80 адам каза болгон. Бул тууралуу облустук кайгуул милициясынын башчысынын орун басары Мадамбек Кубатов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОш облусунун аймагында катталган жол кырсыктарынын кесепетинен 80 адам каза болгон
Ош облусунун аймагында катталган жол кырсыктарынын кесепетинен 80 адам каза болгон - Sputnik Кыргызстан
1/2
Ош облусунун аймагында катталган жол кырсыктарынын кесепетинен 80 адам каза болгон
© Sputnik / Зульфия ТургуноваЖол кырсыктарын болтурбоо, алдын алуу максатында учурда "Маяк" аталышындагы рейд өткөрүлүп жатат.
Жол кырсыктарын болтурбоо, алдын алуу максатында учурда Маяк аталышындагы рейд өткөрүлүп жатат. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Жол кырсыктарын болтурбоо, алдын алуу максатында учурда "Маяк" аталышындагы рейд өткөрүлүп жатат.
1/2
Ош облусунун аймагында катталган жол кырсыктарынын кесепетинен 80 адам каза болгон
2/2
Жол кырсыктарын болтурбоо, алдын алуу максатында учурда "Маяк" аталышындагы рейд өткөрүлүп жатат.

Анын айтымында, жыл башынан бүгүнкү күнгө чейин облус аймагында жалпы 530 жол кырсыгы катталып, 847 адам ар түрдүү жаракаттар менен ооруканага түшкөн.

"Жол кырсыктарын болтурбоо, алдын алуу максатында учурда "Маяк" аталышындагы рейд өткөрүлүп жатат. Анда "Тез жардам" кызматынын унаасына жол бошотпой, маякка жооп бербеген айдоочуларга чара көрүлүүдө. Алгач эскертүүлөрдү бердик. Жол эрежесин одоно бузуп, "Тез жардам" кызматынын унаасын өткөрбөй, ага тоскоолдук жараткан айдоочуларга Административдик кодекстин 241-беренесинин негизинде 500 сомдон 1000 сомго чейин айып пул салынды", — деди Кубатов.

Ал кошумчалагандай, аталган рейд Ички иштер министрлигинин буйругунун негизинде өлкөнүн бардык облустарында өткөрүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0