Кыздарыбыз үчүн жерге кирип кетким келет! Түнкү клуб сакчысын жинденткен сулуулар

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүКезекте турган кыздар. Архив
Кезекте турган кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан салтка айланган жекшембилик рубрикасынын алкагында борбор калаадагы көңүл ачуучу жайдын коопсуздук кызматкеринин жүрөктөн чыккан сырын сунуштайт. Маектешибиз кандай кардарлар анын кыжырын кайнатарын айтып берди.

Бишкек шаарындагы түнкү клубдардын биринин коопсуздук кызматкери ачык айткандары үчүн алдын ала кечирим сурап, жүрөккө жакын кабыл албоону өтүндү.

Сакчыны кандай кардарлар кыжырдантат?

"Кыйындар"

Кийим көргөзмөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шүгүр дейличи! Азыркы замандын келиндери эмнеге нааразы?
Мындай кыздар эс алуучу жайга менчик клубуна келгенсип, бизди көзгө илишпейт. Кандайдыр бир сунушубузду же жанындагы оокаттары боюнча суроолорубузду укмаксанга салат да коопсуздук кызматкерлерин жеп жиберчүдөй тиктейт. Андай адамдарды көп көрдүм, көпчүлүгүнүн көкүрөгү көңдөй, ал эми алардын жүрүм-туруму — ошол нерсени жаап-жашыруу аракети.

Секелектер

Биздин клубга чолок шымчан адамдар же 18 жашка толо электердин кириши кыйын. Бирок тыюу салынган нерсе дайым кызык эмеспи, эселек кыздар топ-топ болуп келишет, аларды киргизүүгө акыбыз жок экенин түшүндүрөбүз. Азыр 16 жаштагы улан-кыздар 25 жаштагыдай көрүнөт, ал эми жүргөн-турганы жаш балача…

"Чикулялар"

Түнкү эс алуучу жайларда көңүл ачкандардын арасында калктын ар кандай катмары бар. Бар столуна 60 жаштагы байке черин жазып жатса, коңшулаш столдо 18 жаштагы нимфалар "Лонг-Айленд" ичип отурушат. Бирок кыздардын өзгөчө бир түрү бар, эл арасында аларды "чикулялар" деп коюшат. Бул селкилер ачык кийим кийишет, саатына миң ирет өздөрүн өздөрү сүрөткө тартышат. Клубга алар музыкадан, тамак-аштан, куру дегенде ичимдиктерден ырахат алыш үчүн эмес, өздөрүн элге көрсөтүш гана келишет.

Мастар

Чач өрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Узун чач – ырыскы, кыркылган чач – шылдыӊ, жайылган чач – аза
Эң жагымсыз кардарлар — бул кызып калгандар. Көбүнесе абдан мас болуп калган мырзалардын кечеси аянтта бийлеп жаткан чикуляга тийишүүсү менен аяктайт. Бирок, ачыгын айтайын, мас эркектен да кызып калган айым жаман. Адегенде ал абдан кумардуу бийлейт, кечирээк ал бий айланадагыларды чочулаткан жана кооптуу кыймылга айланат. Эгер кардар кыз спирттик ичимдикти алынан ашыра ичип алса, ал чалынып-жыгыла баштайт, ал эми аны таксиге отургузуу жүгү бизге түшөт. Андай кыздарды көргөндө, жерге кирип кетким келет!

Эч сыр бербегендер

Мындай кардарлар эң эле көп дегенде бир чайнек чай же кичине ичимдик гана алып, бүтүндөй кечти акылдуу телефондору менен өткөрөт. Дегеле клубга алар эмнеге келерин түк түшүнбөйм. Жуманын аягында телефондон алыстап, бир жарпыңды жаза албасаң, жашоонун эмне кызыгы бар?

Жаңылыктар түрмөгү
0