БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Борбор калаанын үч жеринде салтка айланып калган азык-түлүктөрдүн күзгү жарманкеси өтөт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
"7-8-октябрь күндөрү бишкектиктер үчүн кышка керектүү азык-түлүктөрдү камдап алганга шарт түзүлөт. Анда жашылча-жемиштерден тарта этке чейин сатылат", — деп айтылат маалыматта.
Жарманке шаардын үч жеринде, төмөнкү даректерде болот.
- Ленин району: "Жал" кичи району, "Боорсок" гипермаркетинин аймагында, Тыналиев №73/1;
- Октябрь району, Токомбаев көчөсүндө жайгашкан "Асанбай" кичи базары;
- Свердлов району, Чүй проспектиси менен Лермонтов көчөлөрүнүн кесилиши