Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Кадыр Маликов: ислам дини эмдөөгө каршы чыкпайт

Жазылуу
Теолог өлүм алдында турган мусулман өмүрүн сактап калуу үчүн тыюу салынган азыктарды пайдалана аларын белгиледи. Болбосо ал адам өз өмүрүнө кол салган киши катары бааланат.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Өмүрүн же ден соолугун сактоо максатында тыюу салынган нерселерди пайдаланууга ислам дини жол берет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн жыйында белгилүү дин аалымы Кадыр Маликов билдирди.

Анын айтымында, Ислам заманга шайкеш келип, илимге каршы турбайт. Адам жашоосунун бардык тармагындагы өкүм сүргөн шарият эрежелери илимге негизделген.

Маликов исламда адам өзүнүн денесине жана саламаттыгына кандай мамиле жасашы керектиги так, айкын көрсөтүлгөнүн айтып өттү.

"Куранда адам өзүн өзү өлүмгө кыюусуна тыюу салган аят бар. Ошол эле маалда өмүрдү же ден соолукту сактоо максатында исламда тыюу салынган нерселерге уруксат берилет. Эгер адам ачкачылыктан өлүм алдында турса тыюу салынган нерселер менен азыктанып өмүрүн сактап калууга милдеттүү. Болбосо ал өзүн өзү өлтүргөнгө барабар болуп калат", — деди Маликов.

Муну менен катар исламда эмдөөгө тыюу салынбай турганын айткан дин аалымы сайылып жаткан дары-дармектин курамы боюнча элге түшүндүрмө берилиши керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0