ТИМ: Лас-Вегастагы адамдарды аткылоодон кыргыз жарандары жабыркаган эмес

© REUTERS / CHRIS WATTIEЛас-Вегаста атуудан каза болгон жарандарды эскерүү
Лас-Вегаста атуудан каза болгон жарандарды эскерүү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуянын кесепетинен 59 адам каза таап, 500 киши жабыркаган.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Лас-Вегаста элди массалык аткылоодон жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Кадры с места инцидента со стрельбой в Лас-Вегасе - Sputnik Кыргызстан
Лас-Вегастагы адамдарды аткылоо видеого түшүп калган
64 жаштагы Стивен Пэддок өткөн жекшемби күнү музыкалык фестивалга келген адамдарга карата мейманкананын 32-кабатынан ок чыгарган. Анын кесепетинен 59 адам каза таап, 500 киши жабыркаган. 

Кылмыш жоопкерчилигин "Ислам мамлекети" террордук уюму алганы менен ФБР Пэддоктун эл аралык террордук уюм менен мамилеси болгондугун далилдеген бир дагы илинчек тапкан эмес.

Бул АКШда адам өмүрүн алган эң ири окуялардын бири болуп калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0