Медреселердеги билим берүү сапатын мамлекеттик стандартка жеткирүү керек

© AFP / FARSHAD USYANМедреседе окуп жаткан балдар. Архив
Медреседе окуп жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Диний окуу жайлардын билим берүү сапатын көтөрүү максатында муфтият тарабынан атайын бирдиктүү программа бекитилип берилген

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Медреселердеги билим берүү сапатын мамлекеттик стандартка жеткирүү керек. Мындай пикирин Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев Ноокат районунун Мирмахмудов айылындагы "Имам ат-Термизий" медресесинин окуучулары менен жолугушууда айтканын муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө окуучулардын билим деңгээлин текшерүү максатында ар тармактуу илимий жана интеллектуалдык тапшырмалар берилип, коноктор менен окуучулар ортосунда ачык талкуу жүргүзүлдү.

"Учурда диний окуу жайлардын билим берүү сапатын көтөрүү максатында Муфтият тарабынан атайын бирдиктүү программа бекитилип берилип, мамлекеттик стандарттарга жеткирүүдө аракеттер көрүлүп жатат. Ийгиликке жетиш үчүн ар бир медресенин жамааты да өз алдынча чыгармачылык менен эмгектенип, окуу жайлар арасында окуучулардын илимий-интеллектуалдык атаандаштыгын жаратуусу зарыл", — деди ал.

Атабаев ошондой эле жыл аягына чейин "Ыйман, адеп жана маданият" жылынын алкагында диний окуу жайлар арасында мерчемделген тажрыйба алмашуу иш чараларын уюштурууну милдеттендирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0