Жыныс органдарындагы варикоздун кесепети. Флеболог Нурмат Кубанычбек уулу менен маек

Жазылуу
Мурда варикоз оорусу менен жашы өтүп калган адамдар гана ооруйт деп уксак, азыр бул дарт барган сайын жашарып баратканын дарыгерлер айтууда. Анын ичинен бул илдетке көбүнчө аялдар кабылат экен.

Оору эмнеден улам пайда болот жана анын кандай коркунучтуу жактары бар? Убагында дарыбаласа адамды иштөө жөндөмдүүлүгүнөн ажыратып кое турган дарт тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги флеболог Нурмат Кубанычбек уулу менен баарлашты.

© Sputnik / Табылды КадырбековФлеболог Нурмат Кубанычбек уулу: варикозго дуушар болгон абалды ажыратуу кыйын эмес. Веналык кан тамырдын жана анын капиллярларынын шишип, көгөрүп чыгышы — оорунун белгиси
Флеболог Нурмат Кубанычбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Флеболог Нурмат Кубанычбек уулу: варикозго дуушар болгон абалды ажыратуу кыйын эмес. Веналык кан тамырдын жана анын капиллярларынын шишип, көгөрүп чыгышы — оорунун белгиси

— Варикоз илдети кандайча пайда болот?

Дрейфующий ледовый лагерь Барнео в Арктике - Sputnik Кыргызстан
Ары турчу!.. Маани бербеген, бирок жүрөк айланткан 5 оору
— Варикоз оорусу негизи көбүнчө буттагы кан тамырларга күч келгенде жаралат. Мисалы, адамдар семирип кеткенде, оор көтөргөндө, аялдар кош бойлуу кезинде жана дайыма бутуна туруп алып иштеген адамдардын бул илдетке кабылуу ыктмалдыгы күч. Анткени вена организмде иштетилип бүткөн кан жүрүүчү кан тамыр болуп эсептелет да, оорчулук түшкөндө кан жогору көтөрүлө албай, анын жарымы кайра артка кетип, мунун эсебинен буттун кан тамыры кеңейип, чоюлуп отуруп варикозго чалдыгат. Анан ийри-буйру абалга туш болгон вена өзүнүн формасын толугу менен жоготот. Варикозго дуушар болгон абалды ажыратуу кыйын эмес. Веналык кан тамырдын жана анын капиллярларынын шишип, көгөрүп чыгышы — оорунун белгиси. Көбүнчө дарттын бул түрү менен аялдар жабыркашат. Себеби алардын организми эркектерге салыштырмалуу алсыз келет. Мындан сырткары, варикоз жыныстык органдарда да пайда болот. Ага көбүнчө кош бойлуу келиндер кабылат.

— Кош бойлуу келин үчүн өтө эле кооптуу болсо керек?

— Боюнда бар аял жыныстык жагында варикоз пайда болсо гинекологго учетко тургандай эле флебологго да учетко турушу керек. Себеби варикозу бар аял флебологдун кеңеши менен гана көз жарат. Уруксат берилбесе аны операция жолу менен гана төрөтүүгө мүмкүн. Аял толготуп, кыйналып жатканда шишиген вена жарылып кетиши ыктымал. Бул өтө коркунучтуу.

© Sputnik / Табылды КадырбековФлеболог Нурмат Кубанычбек уулу: варикозду дарылаган азыр ар түрдүү ыкма чыкты. Аны хирургиялык, башкача айтканда, операция жолу менен алса болот. Мындан сырткары, лазер менен алабыз, анан склеротерапия деген ыкма бар
Флеболог Нурмат Кубанычбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Флеболог Нурмат Кубанычбек уулу: варикозду дарылаган азыр ар түрдүү ыкма чыкты. Аны хирургиялык, башкача айтканда, операция жолу менен алса болот. Мындан сырткары, лазер менен алабыз, анан склеротерапия деген ыкма бар

— Кийин төрөгөндөн кийин ал кетеби же ошол боюнча калып калабы?

Сезонный рост заболеваемости гриппом и ОРВИ в России - Sputnik Кыргызстан
Сасык тумоо башталдыбы? Оорудан оолак болуу үчүн дарыгердин кеп-кеңеши
— Төрөгөндөн кийин баягы шишик тарайт, бирок вена чоюлган боюнча калат. Варикоз оорутпагандыктан кээ бири тарап, жок болуп кетти деп жүрө берет. Бирок варикозду алып салбаса ал өзү жоголбойт. Андан көрө дарыгерге убагында барып алдырып салган жакшы. Анткени бир күнү кокустан операция болуп же жараат алып, айтор, кан айлануу бузулганда варикоз болуп чоюлуп калган тамырга кан таптакыр эле уюп калып, тромб пайда болот. Бул тромб кокус үзүлүп кетсе, жүрөктөн өтүп өпкөнүн кан тамырына туруп калышы мүмкүн. Анда адам каза табат же майып болуп калат. Ошондуктан варикоздун алдын эрте алуу керек.

— Аны кандай алып салса болот, операция мененби же дары мененби?

— Варикозду дарылаган азыр ар түрдүү ыкма чыкты. Аны хирургиялык, башкача айтканда, операция жолу менен алса болот. Мындан сырткары, лазер менен алабыз, анан склеротерапия деген ыкма бар.

— Операциядан кийин варикоз таптакыр чыкпай калат деп кепилдик берилеби?

— Варикозго операция жасалгандан кийин бейтаптардын 15-20 пайызында варикоз кайра пайда болушу мүмкүн. Буттун тери катмарында эки вена системасы болот: тери алдындагы чоң жана кичи веналар. Эгерде чоң вена кеңейип кетсе, ошого гана операция жасалат да, кичи вена кала берет. Кийин тери алдындагы кичи вена кеңейип кайра эле чыгып кетиши мүмкүн. Адам варикозго алып келүүчү көрүнүштөрдөн оолак болуп, өзүн жакшылап карап жүрсө вена чыкпайт.

– Ал үчүн кандай эрежелерди сактоо керек?

– Варикозун алдырган оорулууларга атайын байпактарды, колготкилерди кийип жүрүүсүн сунуштайбыз. Мындан тышкары, сууда сүзүү, чуркоо жана күнүгө 1-2 саат жөө басып турууну кеңеш кылабыз.

— Варикоздон көбүнчө жашы өтүп калган адамдар жабыркаса керек?

— Жок, бир гана алар эмес, турмуш кура элек кыздар менен балдар да келген учурлар арбын. Себеби бул оору тукум кууйт. Эгер ата-энең варикоз илдети менен ооруса, сен да ага кабылышың ыктымал. Жашы өткөндө да варикозго чалдыккандар көп. Айрыкча аялдар. Мунун биринчи эле себеби кош бойлуулук. Жатындагы бала эки буттан келген кан тамырды кысат, андан вена кеңейип кетет. Ошондой эле аялдар гормоналдык дарыларды көп ичип тез эле толуп, кайра арыктап, айтор, кан тамырларга күч келип ошондон чоюла берет. Бирок варикоз кош бойлуу аялдын баарында болбойт.

© Sputnik / Табылды КадырбековФлеболог Нурмат Кубанычбек уулу: бутту кайчылаштырып отурганда да варикоз пайда болот. Мында кээ бир кан тамырлар кысылып калып кийин тез эле кеңейип кетет
Флеболог Нурмат Кубанычбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Флеболог Нурмат Кубанычбек уулу: бутту кайчылаштырып отурганда да варикоз пайда болот. Мында кээ бир кан тамырлар кысылып калып кийин тез эле кеңейип кетет

— Шиш така көп кийүү варикозго алып келбейби?

— Алып келиши ыктымал, себеби ал дагы оорунун бир фактору. Мындан сырткары, тар кийим да көп кийбеш керек.

— Оорунун белгилери кандай болот?

— Бутта ооруксунуу пайда болуп, адамдын дене табы ысышы мүмкүн. Кечкисин буттар шишип, талып оорутат. Ошондой эле уктап жатканда булчуңдар карышып, буттун терисинин өңү карарып кетет.

— Бул дартты алдын алуу жолдору барбы?

Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эркектер гана ооруй турган 5 дарт
— Бул илдетке кабылбайын дегендер шиш така, тар кийимдерден оолак болушу керек. Аялдын боюна жаңы бүткөн кезде көп баспаганга аракет кылып, бийик такадан баш тартуу зарыл. Эгер жумушта кечке отуруп иштесеңер, тизелерди кармап, буттун учуна туруп, тез-тезден бутка көнүгүү жасап турган оң. Анан бутту кайчылаштырып отурганда да варикоз пайда болот. Мында кээ бир кан тамырлар кысылып калып кийин тез эле кеңейип кетет. Айрымдары муну жөнөкөй оору деп ойлошот, бирок аны убагында дарылабаса өнөкөткө айланып кетиши ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0