Кыргызстандын эң татына мугалими: курсташтарымдын көбү кесибин таштап койгон

© Sputnik / Жоомарт УраимовЗанявшая первое место на конкурсе "Самая красивая учительница — 2017" Альбина Арстанбек кызы
Занявшая первое место на конкурсе Самая красивая учительница — 2017 Альбина Арстанбек кызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Эң ажарлуу мугалим – 2017" сынагында биринчи орунга татыган 21 жаштагы Альбина Арстанбек кызы группалаш кыздардан айырмаланып турмушка аттанбай, толугу менен сүйгөн кесибине берилген.

Кыргыз тилчи Людмила Войтышина: мага орус тилинен сабак берүү татаал - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз тилчи Людмила Войтышина: мага орус тилинен сабак берүү татаал
Педагог Альбина Арстанбековнаны №10 мектепте жогорку класстын окуучусу деп ойлошот. Өзүнүн айтымында, жаңы тааныштары мугалим экендигин укканда абдан таң калышат.

Ошентсе да анын биринчи класстагы 26 окуучусу анын курагына карабайт: өз ара оңой эле тил табышып алышкан. Альбина эч бир окуучусун бурчка тургузбайт, бирок эркелеп тентектик кылууга да жол бербейт.

— Эмнеликтен дал ушул кесипти тандап алдыңыз?

— Буга мен тээ балалыгымдан бери даярданып келгем. Кичине кезимде оюнчуктарымды, оролгон төшөктөрдү тизип алып, аларга "сабак өтчүмүн". Такта ордуна терезени колдончумун.

Кийин Нарын облусундагы Кара-Суу айылындагы мектеп босогосун аттаганымда эле алтын мугалимдеримди жакшы көрүп калгам. 9-класстан кийин апам педагогикалык окуу жайга тапшыруума уруксат берген. Алгачкы айларда куса болуп, классташтарымды сагынып жүрдүм. Анан мектептерде сабак өтүүгө көнүгө баштаган маалда окууну таштоо оюмдан кайттым. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовУчительница Арстанбек кызы Альбина
Учительница Арстанбек кызы Альбина - Sputnik Кыргызстан
Учительница Арстанбек кызы Альбина

— Арзыбаган айлык акыга да кайыл болдуңузбу?

— Үй-бүлө кура элекмин, андыктан 7 миң сом маяна мага жетет. Бирок баары бир көбүрөөк болсо, жаштар арасында мугалим болууга кызыккандардын саны өсмөк.

— Группалаштарыңыздын арасында да дилгирлер арбын беле?

— Биздин группадагы кыздардын басымдуу бөлүгү кесипти аркалап кетишкен жок. Көбү турмушка чыгышты, үй-бүлө күтүштү. 20 кыздан алтоо гана мугалим болду.

— Алардын жолу менен кетпегениңизге өкүнбөйсүзбү?

— Кандай болорун билбейм, алдын ала жоромолдогум келбейт. Балким жакында турмушка чыгам, мүмкүн азыр эмес. Маңдайга жазылганды көрөбүз.

— Иш күндөрүңүз кандай өтөт?

Учитель школы-гимназии №4 Бактыбек Таалайбеков - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы эң жаш мугалим: мектепке чыдаган адам башка ишти жөн эле алып кетет
— Таңкы 8де сабак башталат. 11.20га чейин уланат. Андан кийин балдар үйлөрүнө таркайт, биз дептер текшеребиз, сансыз документтерди толтурабыз. Негизи ишибиз беш күндүк, бирок кээде документтерге байланышкан жумуштарды бүткөрүү үчүн ишемби күнү да чыгууга аргасызбыз.

Окуучулардын бир эле тизмесин директор үчүн, окуу бөлүм башчысы үчүн деп бир канча ирет толтурасың. Кымындай эле ката абдан сынга алынат. Документте бир ката кетирип алганым үчүн мага эскертүү беришкенде абдан ызаланып ыйлагам.

Жумуштан кийин үйгө кайтам, тамак жасайм, үй жыйнайм. Өз алдынча өнүгүүнү да унуткарбастан, сөзсүз китеп окуйм. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовЗанявшая первое место на конкурсе "Самая красивая учительница — 2017" Альбина Арстанбек кызы
Занявшая первое место на конкурсе Самая красивая учительница — 2017 Альбина Арстанбек кызы  - Sputnik Кыргызстан
Занявшая первое место на конкурсе "Самая красивая учительница — 2017" Альбина Арстанбек кызы

— Адатта окуучулар жаш мугалимдин башына чыгып алышат го…

— Жок, аларга чеги менен катаал болууга, ошол эле учурда балдар менден коркуп калбагыдай мамиле кылам. Мага алардын катылып жаткан өнөрүн ачуу жагат, ар биринин тамырын тартып, өзүнчө жол табууга умтулам. Азыр иштегениме бир эле жыл болду. Окуучуларым чоңоюп, 5-класска көчүп, менден узашканда гана жыйынтыкты көрүүгө болот. "Ай ушул Альбинанын классы!" деген нааразы кептерди уккум келбейт.

Ведующая программы Тан шоола Канышай Рысбаева - Sputnik Кыргызстан
Алып баруучу Канышай Рысбекова: эфир үчүн ар түрдүү бут тосуулар болду
— Сизди мектепте кандай кабыл алышат?

— Башта мени жогорку класстын окуучусу деп ойлошчу, кийин көнүп калышты. Педагогикалык билимим бар экенин, мектепке тегин жерден келип калбаганымды ата-энелерге түшүндүрүүгө туура келди. Ортобузда эч көйгөй жаралбайт. Башка мугалимдердин да мамилеси жылуу, жардам берип турушат. Жамаатыбыз абдан ынтымактуу.

— Сулуулар сынагына кандайча катышып калдыңыз?

— Интернеттен курбум экөөбүз жарыя көрүп калдык. Курбум сүрөтүмдү жиберишимди өтүнүп туруп алды. Кесиптештеримдин бардыгы мени колдоду. Интернетте мага добуш бергендердин баарына ыраазычылык билдирем. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовЗанявшая первое место на конкурсе "Самая красивая учительница — 2017" Альбина Арстанбек кызы
Занявшая первое место на конкурсе Самая красивая учительница — 2017 Альбина Арстанбек кызы  - Sputnik Кыргызстан
Занявшая первое место на конкурсе "Самая красивая учительница — 2017" Альбина Арстанбек кызы

— Курбалдаштарыңыз сымал Инстаграмда баракча ачып алып, жарнама менен каражат табууну каалабайсызбы?

— Жок, ал тармакта баракчам жабык, досторум гана окуй алат. Жарнама мага кызыксыз.

— Балалыктагы мугалим болуу кыялыңыз орундалыптыр. Кезекте эмнени багындыргыңыз келет?

— Анык күчтүү мугалим болууну самайм. Азырынча тажрыйбам азыраак, бирок бул кесиптин өтөөсүнө чыгууга умтула бермекчимин!

Жаңылыктар түрмөгү
0