Бишкектеги жаңы борбордук мечитке кимдин аты берилери аныкталды

© Sputnik / Акылбек БатырбековЦентральная соборная мечеть Бишкека
Центральная соборная мечеть Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мечиттин курулушу 2012-жылы башталган

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Бишкекте курулуп жаткан жаңы борбордук мечитке дин аалымы имам Сарахсийдин аты берилерин муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин дин иштери боюнча кеңешчиси Шемсуддин Үнал муфтий Максатбек ажы Токтомушев, анын орун басары Жоробай ажы Шергазыев жана муфтият кызматкерлери менен жолугуп, Орто Азиядагы ири мечиттин курулуш иши жана мечиттин иштөө тартиби боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун талкуулашты.

"Мечит Орто Азиядагы ири мечит болгондуктан ага республикалык борбордук мечит макамы берилип, бул боюнча тиешелүү документтер иштелип чыкмакчы. Ал эми азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев мечитке улуу дин аалымы Имам Сарахсийдин ысымын ыйгаруу боюнча сунушун берип, тараптар бул боюнча бир пикирге келишти", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын алдында Ислам изилдөө борборунун курулары туурасында сөз болду.

Көргөн да, көрбөгөн да арманда! Өлкөдөгү эң чоң мечиттин сырткы жана ички көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
Көргөн да, көрбөгөн да арманда! Өлкөдөгү эң чоң мечиттин сырткы жана ички көрүнүшү
Борбор Азиядагы эң ири мечиттердин бири боло турган ыйык жайдын жалпы аянты 3,5 гектарды түзүп, 10 миң адамга ылайыкташкан. Ошондой эле төрт мунарасынын ар биринин бийиктиги 64 метрди түзөт. Анын курулушу 2012-жылы башталган.

Эске салсак, мечит Түркиянын Дианет (муфтият) башкармалыгынын каржылоосу жана колдоосу менен салынып жатат.

Интернеттеги ачык маалыматтар боюнча дин аалымы Абу Бакр Мухаммед ибн Абу Сахл Ахмед аль-Сарахсий 1009-жылы Түркмөнстан менен Ирандын чек арасындагы Мерв жана Мешхед шаарларына жакын жерде төрөлгөн. Ал Өзгөндөгү түрмөдө 15 жыл кармалган. Абакта отурган учурда ал бир катар диний китептерди жазган. Ал өзүнүн басымдуу эмгектерин 1073-1087-жылдары жазган. 1087-жылы абактан чыгып, 1091-жылы дүйнө салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0