19:07 16 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.0865
  • RUB1.0855
Алия Омурованын архивдик сүрөтү

Окумуштуулар европалыктарга окшош кыргыздардын көбөйүү себептерин айтышты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
226020

Илимдин чыгаандары жылдан жылга европеоид жүздүү кыргыздар көп төрөлүп жатат деген бүтүмгө келишкен

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Окумуштуулар өлкөдө эмне себептен сары чачтуу, көк көздүү балдар көп төрөлүп жатканын түшүндүрүп беришти.

Тарыхчылар көп мезгилден бери улутубуздун келип чыгышын кызуу изилдеп келишет. Элдүүлүк тууралуу алгач ирет биздин доорго чейинки 201-жылы айтылат. Тарыхчы Сыма Цян этностун Енисейдеги өкүлдөрүн европеоид жана узун бойлуу деп сүрөттөгөн. Заманыбыздын окумуштуусу Аскарбек Беделбаев алар Енисейден кайра көчкөндө монголоид расасы менен аргындашканын айтат.

  • Портреты зеленоглазых кыргызов в Бишкеке
    Аскат Кыштообек уулу, 22 жашта Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ак-Жар айылында туулган. Учурда Бишкекте ашпозчу болуп иштейт. Ага айылдаштары Иван деген каймана ат берсе, кийин шаарга келгенде Алёша, Пушкин деген ысымдарга ээ болгон
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Портреты зеленоглазых кыргызов в Бишкеке
    Лунара Айдаралиева, 16 жашта Оштун Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айылында туулган. Учурда Кант шаарында 10-класста окуйт. Окуудан сырткары комуз чертүү жана бийлөө менен алектенет. Лунара ким менен таанышпасын жүзүнө тигиле карап алгачкы кебин "көзүңүз эмнеге мындай жапжашыл?" деген суроо менен башташат дейт.
    © Sputnik / Жоомарт Ураимов
  • Портреты зеленоглазых кыргызов в Бишкеке
    Бермет Алишева, 25 жашта Бишкек шаарында төрөлгөн. Балдарды коргоо борборунда коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн адиси. Үй-бүлөсүндө жалгыз гана Берметтин көзү көк, өңү сары болуп калган. Ал бир туугандардын улуусу. "Мен туулгандан кийин төрөт үйүнөн чыгарып жатканда дарыгерлер атамдын колуна карматышат. Көзүм жалтырап көгөрүп турганын көргөн соң, апама башка бирөөнүн кызы менен алмаштырып алган жоксуңбу деп таң калыптыр" деп күлдү. Себеби, анын башка туугандарынын баары кара тору экен
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Портреты зеленоглазых кыргызов в Бишкеке
    Чыңгызбек Самудунов, 5 жашта Бишкек шаарында туулган. Түбү — Чүйдүн Ысык-Ата районуна караштуу Үч-Эмчек айылы. Чыңгызбектин келбети чоң атасына өтө окшош
    © Sputnik / Азамат Тотубаев
  • Портреты зеленоглазых кыргызов в Бишкеке
    Айкын Турдукулов, 12 жашта Таластын Талас облусуна караштуу Көк-Токой айылынын кулуну. Учурда Бишкектеги №12 окуу-тарбия берүү комплексинде 6-класста окуйт. Сүрөт ийримине абдан кызыгуу менен катышат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Портреты зеленоглазых кыргызов в Бишкеке
    Жаркынай Алымова, 20 жашта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Терек айылында туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетинин 4-курсунун студенти, "Аян" телеканалында иштейт. Жаркынай айылдын жалгыз сары кызы болгон. Аны азырга чейин жердештери "сары кыз" дешет экен
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Портреты зеленоглазых кыргызов в Бишкеке
    Замирбек Бекбоев, 32 жашта Токмок шаарында туулган, жеке ишкер. Кайсы жерде жүрбөсүн орус же татарга окшоштуруп орус тилинде кайрыла беришет экен. Аларга кыргызча жооп берсем ыңгайсыз абалда калышат дейт. Ал ата-тегинде ушундай өңү сары, көзү көк адамдар болгонун айтат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Портреты зеленоглазых кыргызов в Бишкеке
    Аида Акматалиева, 21 жашта Бишкек шаарында туулуп өскөн. Атасы Нарындан, апасы Ысык-Көлдөн болот. Учурда Кыргыз-түрк "Манас" университетинин психология факультетинин 2-курсунун студенти. Ага линза тагып алдыңбы деген суроо эң көп берилет. Келбети апасына окшош экенин айтат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 8
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Аскат Кыштообек уулу, 22 жашта Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ак-Жар айылында туулган. Учурда Бишкекте ашпозчу болуп иштейт. Ага айылдаштары Иван деген каймана ат берсе, кийин шаарга келгенде Алёша, Пушкин деген ысымдарга ээ болгон

Окумуштуулар европалык кебетелүү кыргыздардын саны көбөйүп жатканын белгилешүүдө.

Кыргызстан эл аралык университетинин Адам экологиясы институтунун директору Асылбек Айдаралиев он жылдан бери ДНКны изилдеп келет. Үлгүлөр менен узак жылдар бою иш алпарган окумуштуу көпчүлүк кыргыздардын генинин 40 пайызга чейинкиси — европалык деген бүтүмгө келген.

Анын айтымында, окумуштуунун өзүндө 55 пайыз түштүк-азиялык, 38 — европалык 7 — субсахаралык же арап гени бар. Айдаралиев кыргыздардын 5-10 пайызында америкалык индеецтердин да гени орун аларына токтолду.

Окумуштуунун айтымында, бүгүнкү күндө кыргыз улутунун өкүлдөрүнүн ДНКсы өзүнүн баштапкы абалына кайтууда. Дал ошол себептен, кара тору, кара чачтуу үй-бүлөлөрдө да европеоид расасындагы балдар төрөлүшү мүмкүн. Изилдөөчү буга ата-энеси кара чачтуу, кара көздүү экендигине карабай, европалыктарга түспөлдөш туулган небересин мисалга келтирет.

Сары чачтуу, көк көздүү кыргыздардын сүрөт топтомун Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрүңүз>>

Тема боюнча

Өңү сары, көзү көк. Кыргызстанда жашаган байыркы енисейлик кыргыздардын сүрөттөрү
Нукура жүз: кыргызга таанымал кыз-келиндердин боёксуз жүзү сүрөттө
Белгилер:
кыргыз, Окумуштуулар, раса

ЭҢ МААНИЛҮҮ