Сокулукта айдоо жерге салынган турак үйлөр түрттүрүлдү

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүСнос незаконно возведенного многоэтажного дома в Екатеринбурге
Снос незаконно возведенного многоэтажного дома в Екатеринбурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган курулуштар айдоого ылайыкталган менчик жер тилкелерине уруксатсыз салынган

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Романовка айылында мыйзамсыз салынган турак жайлар жана фундаменттер түрттүрүлдү. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, аталган курулуштар айдоого ылайыкталган менчик жер тилкелерине уруксатсыз салынган.

"Буга чейин түшкөн арыздардан улам инспекторлор аталган мыйзамсыз курулуштардын ээлерине бир жыл мурун эле эскертүү берип, соттук териштирүү иштерин жүргүзгөн. Бирок курулуш ээлери талапты аткарбагындыгы үчүн курулушту күч колдонуп бузууга туура келди", — деп жазылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Мамэкотехинспекция айдоо багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен турак жай куруп алгандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет. Айдоо аянттарына жана үлүш жерлерге курулуш жүргүзүүгө тыюу салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0