Алматыда кыйраган учакта эки кыргызстандык болгон

© Sputnik / Данияр ДауталиевАлматы шаарына жакын жерге кулап түшкөн АН-28 учагынын сыныктары
Алматы шаарына жакын жерге кулап түшкөн АН-28 учагынын сыныктары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алматы — Шымкент багыты боюнча учкан учактын ичинде беш киши болгон. Алар эне менен ымыркайга медициналык жардам берүү үчүн баратышкан.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Алматы шаарына жакын жерге кулап түшкөн учактын ичинде эки кыргызстандык болгонун КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

АН-28 учагы 3-октябрда кулап түшкөн. East Wing авиакомпаниясына таандык учак оор абалдагы эне менен балагы медициналык жардам көрсөтүү максатында Алматы — Шымкент каттамы боюнча багыт алган. Учак абага көтөрүлгөндөн 12 мүнөт өткөн соң радардан жоголуп кеткен. Кийинчерээк ал Иле районунун айыл чарба аймагына кулаганы белгилүү болгон. Анын ичиндеги беш киши тең каза болгон.

Абалдын чоо-жайын билүү үчүн Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу тийиштүү органдар менен байланышкан.

Самолет Ан-28 - Sputnik Кыргызстан
Алматыда кыйраган учак: дарыгерлер оор абалдагы аял менен ымыркайга бара жаткан
ТИМдин билдиришинче, учак жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:35те абага көтөрүлгөн, саат 18:45те радардан жоголуп, байланышка чыккан эмес. Учак Междуречинск айылына жакын жерге кулап, күйүп кеткен. Ичинде экипаждын үч мүчөсү жана эки медициналык кызматкер болгон.

Башкы консулдуктун берген алдын ала маалыматы боюнча учактын командири 1963-жылы туулган Ц.Г жана инженери 1961-жылы туулган А.Б. — Кыргызстандын жараны. Учурда алардын сөөгүн таануу аракеттери жүрүүдө.

Авиациалык окуяларды иликтөө эрежелерине ылайык, аталган факты боюнча иликтөө жүрөт.

Азыркы маалда эки мамлекеттин тийиштүү органдары кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине жөнөтүү маселесин чечип жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0