Сосновка постунда чоң унаалар үчүн киргизилген чектөө алынды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаалар. Архив
Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саат 9:00дө аталган посттон оор жүк ташуучу автоунаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилген болчу

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Жайыл районунда Бишкек — Ош автоунаа жолунун Сосновка постунда оор жүр ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө саат 10:30да алынды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, саат 9:00дө аталган посттон оор жүк ташуучу автоунаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилген.

ӨКМ жолдор тайгак экенин айдоочуларга эскертип, адистердин кеңешине маани бери керектигин баса белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0