Өлкөдөгү шайлоо участкаларында өрт коопсуздугу текшерилип жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековПодготовка к парламентским выборам в Бишкеке.
Подготовка к парламентским выборам в Бишкеке. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрт жана энергетикалык коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча шайлоо тилкелеринин кызматкерлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Президенттик шайлоо учурунда добуш берүү участкаларында коопсуздук талаптарын камсыздоо боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүп жатканын Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынан билдиришти.

"Мамэкотехинспекциясы тарабынан шайлоо учаксткалары текшерилип жатат. Жеринде аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча шайлоо участкаларынын төрагаларына көрсөтмөлөр берилүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле өрт жана энергетикалык коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча шайлоо тилкелеринин кызматкерлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0