Эркиндиги кылдын учунда турган депутаттар. Бешөөнүн иши сотто

© Sputnik / Табылды КадырбековГосударственная служба исполнения наказания
Государственная служба исполнения наказания - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул тапта парламенттин VI чакырылышынын беш депутатынын кылмыш иштери аягына чыкпай турат

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Бийликти күч менен басып алууга аракет кылды деп шектелип, УКМК тарабынан кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевдин баш коргоо чарасы Биринчи Май райондук сотунда бүгүн каралып жатат.

Ал эми Sputnik Кыргызстан агенттиги VI чакырылыштын кылмыш иши козголуп, суракта жүргөн депутаттарын тизмектеп чыкты.

Канатбек Исаев

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Канатбек Исаев
Депутат Канатбек Исаев - Sputnik Кыргызстан
Депутат Канатбек Исаев
Депутат Канатбек Исаев президенттик шайлоодо ал колдогон талапкер утпай калса, мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга аракеттенмек деп шектелип, 30-сентябрь күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармады

Белгилей кетсек, башкы көзөмөл органы эл өкүлүнө Кылмыш жаза кодексинин 27 (кылмышка даярдык көрүү), 233 (массалык башаламандык) жана 295 (бийликти басып алуу же күчтөп кармап туруу) беренелери боюнча айып такты.

Өмүрбек Текебаев

© Sputnik / Расул УсеналиевЖогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев
Судебный процесс по делу лидера партии Ата Мекен Омурбека Текебаева и экс-посла КР Дуйшенкула Чотонова - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди сегиз жылга эркинен ажыраткан

Депутатка карата КР Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттарында (алдамчылык) камтылган белгилер боюнча кылмыш иши козголгон. Текебаев россиялык ишкерлерден "Альфа Телеком" (Megacom) компаниясын алардын пайдасына чечип берүү үчүн 1 миллион доллар пара алган деп айыпталган.

Аида Салянова

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова
Депутат Аида Салянова - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова
Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын дагы бир депутаты Аида Саляновага карата козголгон кылмыш иши аягына чыга элек. Ага 2016-жылы декабрь айында Башкы прокуратура "юстиция министри болуп турган кезде Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып калыбына келтирип берген" деп айып таккан.

Алмамбет Шыкмаматов

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ата мекенчи" Алмамбет Шыкмаматов
Депутат ЖК 6 созыва Алмамбет Шыкмаматов  - Sputnik Кыргызстан
"Ата мекенчи" Алмамбет Шыкмаматов
"Ата мекенчи" Алмамбет Шыкмаматовго ушул жылдын февраль айында кылмыш иши ачылган. Башкы прокуратура депутатка Эсеп палатасында аудитор болуп иштеп турганда мыйзам бузган деп кине койгон. Эл өкүлү менен чогуу Эсеп палатасынын кызмат адамдары "коррупция" жана "документтерди жасалмалоо" беренелеринин негизинде күнөөлөнүүдө.

Музаффар Исаков

© Фото / пресс-служба ЖК КРСоциал-демократтар партиясынын депутаты Музаффар Исаков
Депутат фракции СДПК Музаффар Исаков - Sputnik Кыргызстан
Социал-демократтар партиясынын депутаты Музаффар Исаков
Социал-демократтар партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Музаффар Исаковго дагы 2017-жылдын февраль айында "коррупция" беренеси боюнча айып тагылган. Башкы прокуратура эл өкүлү Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүндө иштеп турган кезинде, 2010-2015-жылдар аралыгында мыйзамсыз 315 токтом чыгарган деп күнөө койгон. ЖКнын КСДП фракциясынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, соттук иш жабыла элек. Ошондой эле Исаков укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин бардык талаптарын аткарып, териштирүү иштерине жардам берип жатканы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0