Бишкек мэриясы кайсы учурда жылуулук берилерин эскертти

© SputnikЖылуулук батареясы. Архив
Жылуулук батареясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызгидрометтин божомолу боюнча октябрда абанын температурасы төмөндөйт

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Шаар мэриясы үйлөргө качан жылуулук бериле турганын эске салды.

Первый снег в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Биринчи кар. Өлкө аймактарынан алынган сүрөттөр
Маалыматка ылайык, жылуулук беш күн катары менен абанын температурасы +8 градустан төмөн болгон учурда берилет. Учурда термометр +14 градусту көрсөтүп турат.

Ал арада Кыргызгидромет октябрдын экинчи жарымында аба муздай турганын божомолдоду. Бишкек менен Чүй облусунда үшүк жүрүү ыктымалдуулугу 70 пайызды түзөт.

Былтыр бишкектиктердин үйүнө жылуулук 14-октябрдан тарта бериле баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0