Бишкекте жол кире кымбаттабай калды

Жазылуу
Мэрия коомдук транспортто кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатмайынча бааны көтөрүү боюнча суроо коюлбай турганын билдирди

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Бишкек шаарындагы коомдук транспортто жүрүүнүн акысы жогорулабай турганын муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

Буга чейин шаар мэриясы жол кирени кымбаттатуу боюнча маселе көтөргөн.

"Бишкек шаарын өнүктүрүү боюнча 2017-2020-жылдарга каралган программада жол кирени көтөрүү боюнча маселе камтылган. Бирок шаар жетекчилиги жол акыны көтөрүү менен бирге коомдук транспорттогу кызмат көрсөтүү сапатынын жакшырышы керектигин жана калктын аялуу катмары дагы эске алышыны зарылдыгын жакшы түшүнөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле шаарды өнүктүрүү программасы дал ушул коомдук транспортту жаңылоо жана алардын алардын каттам аралыгын кыскартууга багытталганы айтылды.

Мэрия жогоруда айтылгандай сапатты жогорулатуу маселеси комплексттүү чечилмейин бааны көтөрүү боюнча суроо коюлбастыгын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0