Таласта аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө муфтият тарабынан 5 турак жай курулууда

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПоследствия землетрясения населенных пунктах Чон-Алайского района Ошской области
Последствия землетрясения населенных пунктах Чон-Алайского района Ошской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турак жайлар Манас, Кара-Буура, Талас жана Бакай-Ата райондорунда курулуп жатат.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Талас облусунда дин кызматкерлеринин демилгеси менен аз камсыз болгондорго 5 турак жай курулууда. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев райондун баш имам хатибдерине жыйын өткөрүп, бир катар маселелер талкууланган.

"Жыйындын жүрүшүндө каттоодон өтө элек мечиттерди тез арада мамлекеттик каттоодон өткөрүү, дин кызматкерлердин президенттик шайлоо өнөктүгүнө аралашпоосу тууралуу талкууланды. Мындан сырткары, райондун баш имам хатибдери аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн Манас, Кара-Буура, жана Талас райондоруна бирден, Бакай-Атага эки турак жай курулуп жатканын маалымадашты", — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле учурда облус аймагында 139 мечиттин 133ү каттодон өтүп калганынын документтери даярдалып жатканы кошумчаланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0