Балыкчыда кутман курактагы карыларга акчалай сыйлык берилди

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүГУСО "Шимский дом-интернат для престарелых и инвалидов"
ГУСО Шимский дом-интернат для престарелых и инвалидов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куттуктоо кечесинде алты эне "Баатыр эне" ордени, дагы алтоо "Эне даңкы" медалы менен сыйланышкан

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Балыкчы шаарында карылар күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анын айтымында, иш-чараны мэрия уюштуруп ага шаардык кеңештин төрагасы жана мэриянын өкүлдөрү катышып, улгайып калган ата-апаларды майрамы менен куттукташкан.

"Куттуктоо кечесинде 100 жаштагы Зайра Жидеңова 5000 сом, 90 жаштан 100 жашка чейинки 24 адам 1000 сомдон, 80 жаштан 90 жашка чейинки 300 адам 500 сомдон, ошондой эле 50 жылдан 60 жылга чейин чогуу түтүн булатып келген 60 үй-бүлөгө 1000 сомдон акчалай сыйлык тапшырылды. Мындан сырткары, алты эне "Баатыр эне" ордени, дагы алтоо "Эне даңкы" медалы менен сыйланышты", — деп жазылат аймактык кабарчынын маалыматында.

Кечеге чакырылган карылар уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, батасын беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0