Жаан-чачындан улам израилдик турист кызды издөө иштери күчөтүлдү

Жазылуу
Хилла Ливненин дайынсыз жоголгонуна бүгүн алты күн болду

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Сары-Челек коругунда жоголгон израилдик турист Хилла Ливнени издөө иштери аба ырайы кескин муздап кеткенине байланыштуу күчөтүлгөн тартипте уланууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Бүгүнтөн баштап издөө иштерине Израилден келген дагы алты куткаруучу тартылды.

"Сары-Челек коругунда кечээтен баштап жаан-чачын башталды, абанын температурасы бир нече грудуска төмөндөгү. Анын үстүнө ал жакта аба алда канча нымдуу. Учурда жеринде биздин куткаруучулардан тышкары милиция кызматкерлери, жергиликтүү тургундар жана Израиль мамлекетинен келген алты куткаруучу күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле издөөчүлөрдүн катарына жергиликтүү элден бир нече адам жана израилдик Sitel international камсыздандыруу компаниясынан куткаруучулар кошулуп, баардыгы 77 адам бар экени айтылат.

Сары-Челек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сары-Челекте жоголгон израилдик кыз шеригин таштап өзүнчө кеткен. Окуянын чоо-жайы
Эске салсак, Жалал-Абаддын Аксы районунда израилдик турист кыз 23-сентябрь күнү жоголуп кеткен.

Анын кабарсыз кеткени тууралуу маалымат ӨКМге шейшемби күнү түшүп, аталган аймакка 10 куткаруучу жиберилген.

Ал эми турист менен чогуу жүргөн шериги 24 жаштагы Городесен Нафад Едипьия аскадан кулап, бутун сындырып алган. Ал Сары-Челек коругуна жөнөткөн Кыргызстандын туристтик фирмасы менен 24-сентябрь күнү байланышып, окуя жөнүндө кабар берген. Аны Аркыт айылында туристтерге кызмат көрсөткөн адамдар 25-сенбярь күнү гана табышкан.

Белгилей кетсек, Хилла Ливненин дайынсыз жоголгонуна бүгүн алты күн болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0