Өспүрүмдү өз уулдарына сабаткан кишини жабыркаган баланын энеси кечирди

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүӨспүрүм бала. Архивное фото
Өспүрүм бала. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция аталган окуя боюнча "Бейбашчылык" беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон болчу

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Жаш баланы өзүнүн баласына кармап берип сабатты делген кишини жабырлануучунун энеси Айкен Зампарбаева кечирди. Бул тууралуу өзү Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, окуя Бишкектеги Исхак Разаков атындагы техникалык университеттин №3 жатаканасындагы камерага түшүп калган. Видеодон бир бала экинчисинен качып, анысы жетип барып таяк менен бир чапканын көрүүгө болот. Буга ачууланган ата баласына кол көтөргөн жеткинчекти кармап берип, уулдары аны таяк менен ургулашкан. Андан кийин эркек балага кыйкырып, түртүп, бетке муштаган. Аталган кишини милиция шектүү катары убактылуу кармоо жайына киргизген.

"Туугандары алдыма түшүп кечирим сурашты. Мен баламдын дарылануусуна кеткен чыгымдарды төлөп бергиле деп шарттарымды койдум, аларды аткарышты. Андан кийин тосмо арыз жазып бердим", — деди ал.

Милиция аталган окуя боюнча "Бейбашчылык" беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0