Мамкаттоо айдоочуларды унаа каражаттарын өз атына каттоого чакырат

© Sputnik / Иван Макеев / Медиабанкка өтүүАвтоунаалар. Архив
Автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жерде сөз ишеним кат менен каттоого алынган машиналар тууралуу жүрүп жатат. Мамкаттоо мындай ыкма менен автоунаа сатып алуу кийин айдоочуларга көйгөй жаратышы мүмкүн экенин эскертүүдө.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы айдоочуларды милдеттүү түрдө автоунааны өз атына каттоого чакырат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, акыркы кездери ишеним каты бар жарандар автоунааны кайра каттоо боюнча көп кайрылып бир катар көйгөйлөргө туш болууда. Көпчүлүк учурда мындай машиналар камакта, издөөдө же күрөөгө коюлган болуп чыгат.

Андыктан Мамлекеттик каттоо кызматы машинаны сатып алып жатканда аны транспорт каражатын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин бөлүмдөрүнөн өзүнө каттатууга чакырат.

"Автоунааны өзүнө жана туугандарына ишеним кат менен гана каттатып койгон жарандар кийин аны кайра каттатууда бир топ көйгөйлөргө тушугууда. Мисалы, эгер автоунаанын чыныгы ээси каза болуп калса, ишеним кат күчүн жоготуп коёт. Бул да олутуу маселе жаратат", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле өлкөнүн жарандык кодексине ылайык, автоунааны ишеним кат менен алган жарандар аны өзүнүн атына каттатууга укугу жок. Унаа ээсинин салык төлөө милдети бар. (Транспорттун салыгын төлөбөгөнү үчүн салык кызматынан билдирүү автотранспорттун чыныгы ээсине келет). Андан сырткары, жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул дагы автотранспорттун чыныгы ээсине келерин унутпоо керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0