Москвада муунтулуп өлтүрүлгөн кыргызстандыктын ким экени аныкталды

© Sputnik / Табылды КадырбековМаркумдун сөөгүн жеткирүү. Архив
Маркумдун сөөгүн жеткирүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган факты боюнча "Адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Москванын Ленин проспектиси менен Миклухо-Маклай көчөсүнүн кесилишинен сөөгү табылган кыргызстандык Жалал-Абаддын Ала-Бука районунун тургуну болуп чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кабарлады.

Эскерте кетсек, 26-сентябрда кыргызстандык жарандын сөөгү табылганын, ал муунтулуп өлтүрүлүшү мүмкүн экени айтылган.

"Маркум 33 жашта экени аныкталды. Бул факты боюнча "Адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Тергөө иштерин Гагарин райондор аралык тергөө бөлүмү аткарууда", — деп айтылат маалыматта.

Элчилик ушу тапта сөөктү Кыргызстанга жиберүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0