БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 9-ноябрынан 13-ноябрына чейин борбор калаада "Бишкек — 2017" аталышындагы эл аралык универсалдык көргөзмө-жарманке өтөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы маалымдады.
Жарманке салттуу түрдө 1993-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Иш-чарада Телекоммуникация жана маалымат технологиясы тармагындагы, ошондой эле транспорт, логистика кызматтары, химиялык, жеңил жана тамак-аш өнөр жайынын товарлары көрсөтүлөт.
Бул жерде катышуучулар өнөктөштөр жана кардарлар менен диалог түзүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт.