Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн бирине видео көзөмөл коюлат

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүКамеры фиксации нарушения ПДД
Камеры фиксации нарушения ПДД - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Долбоор Бишкек мэриясы менен биргеликте ишке ашат

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Бишкектин Фрунзе менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишине жакынкы аралыкта камера орнотулуп, жол эрежесин бузгандар сүрөт, видеого тартып алынат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына ИИМден билдиришти.

Рейд под названием Пассажирский транспорт. Парковка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бир жума ичинде айдоочуларга 3,5 млн. сомдук айып салынды
Агенттиктин маектеши учурда "интеграциялык" иштер жүргүзүлүп жатканын маалымдады. Жакынкы аралыкта расмий бет ачары өткөрүлөт. Шаарды камералар менен жабдуу Бишкек мэриясы менен биргеликте ишке ашканы жатат.

Башка көчөлөргө дагы камера коюлар-коюлбасы азырынча белгисиз. Буга чейин мэрия долбоорду ишке ашыруу үчүн 30 миллион сом бөлөрүн маалымдаган.

Ушундай эле камера учурда шаардын батыш бөлүгүндөгү кире беришине коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0