Ары турчу!.. Маани бербеген, бирок жүрөк айланткан 5 оору

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүДрейфующий ледовый лагерь "Барнео" в Арктике
Дрейфующий ледовый лагерь Барнео в Арктике - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медицинада кездешкен оорулар түрдүү касиетке ээ. Бири көз чекчейтет, бел бейчектет, дагы бири жан кашайтат, кан кайнатат, айтор, дарт дегендин дабасы табылмайынча кыйнаганы кыйнаган. Арасында жеңил сезилген, бирок психологиялык жактан ыңгайсыз абалга туш кылган илдеттер бар.

Эгер оозуңуз жыттанып, бутуңуз менен колтугуңуз буруксуп, башыңыз кычышып, түнкүсүн камандан кем калышпай корулдап жатсаңыз, төмөнкү материалга абай салыңыз.

Ооз эмнеге жыттанат?

© Sputnik / Гулдана ТалантбековаДарыгер-стоматолог Асира Жанузакова
Столичный стоматолог Асира Жанузакова - Sputnik Кыргызстан
Дарыгер-стоматолог Асира Жанузакова
Дарыгер-стоматолог Асира Жанузакованын айтымында, ооздун жыттануусу адамды кыжалат кылып, депрессияга чейин алып келет. Ооздогу жыт ар кандай себептерден улам келип чыгат. Башкы себеби — бүйлөнүн оорушу, оозду чала жуугандын кесепети, ичеги-карын, ашказан ооруларынын белгиси болушу мүмкүн. Мындан сырткары, чылым чекенде, арак ичкенде ооздон жаман жыт чыгып турат.

Ооздун жытынын себебин аныктоо жана дарылоо үчүн дарыгердин кеңешин алуу кажет. Атайын каражаттар менен чайкоо ооздон чыккан жытты убактылуу гана басат. Ооздун жытынын алдын алуу үчүн тамак ичкенден кийин тишти таза жууп туруу зарыл.

Караңы түндө каман күркүрөйт же уйку бербеген коңурук

Улуттук госпиталдын ЛОР дарыгери Жолчубек Жумабековдин айтымында, коңурук тартканга көпчүлүк адамдар көңүл бурбаганы менен ал илдет болуп эсептелинет. 

© Фото / Нурсултан Жумабеков Улуттук госпиталдын ЛОР дарыгери Жолчубек Жумабеков
Врач, лор национального госпиталя в Бишкеке Жолчубек Жумабеков - Sputnik Кыргызстан
Улуттук госпиталдын ЛОР дарыгери Жолчубек Жумабеков

Коңурук тартуу процессинде тамактагы аба өтүүчү жолдор ичкерет да, адаттагы дем алуу бузулуп, аба өпкөгө ар кандай үн коштогон абалда кирип-чыгып калат. Коңурук тарткан маалда денеге кычкылтек жакшы барбай, мээ менен жүрөккө күч келип, ден соолукка олуттуу зыянын тийгизет.

Сезонный рост заболеваемости гриппом и ОРВИ в России - Sputnik Кыргызстан
Сасык тумоо башталдыбы? Оорудан оолак болуу үчүн дарыгердин кеп-кеңеши
Бул ооруга ашыкча салмак, алкоголдук ичимдикти чегинен ашыра ичүү, уйкусуздук, чарчоо, мурун сынып же ичине эт өсүп кеткен учурлар, ангина оорусунун кесепети себеп болот.

Коңурук тарткан адам сөзсүз дарыгерге кайрылуусу зарыл. Семиз адамдар диетолог менен иштешет. Айрымдарга диагнозуна жараша хирургиялык операциялар жасалат. Мисалы, адам ангинадан улам коңурук тартса, анда операция жасоо менен алкым бездери алып салынат. Мурду сынса, түздөтүлөт. Тамеки тартып, ичкилик ичкендер мындай жаман адаттарынан баш тартканы оң. Уйкусу канбагандар эс алууга убакыт табышы керек.

Буруксуган колоңсо жана мурун өрдөгөн шыбоо

Косметолог Айнура Сагынбаеванын айтымында, колоңсо менен шыбоо — адамдын ашыкча терчилдиги. Колоңсо — колтуктун, шыбоо — буттун тердеши. Эгер адам табиятынан терчил болсо ага эч нерсе жардам бере албайт. Тердеги жагымсыз бактериялардын аралашуусунан пайда болот. Адамда жеген тамак-аштын, тарткан тамекинин жана спирттик ичимдиктин жыты да тер аркылуу чыгат. Ошондой эле ачуулануу, ашыкча сарсанаага батуу дагы тердин чыгышын шарттайт. Эң оболу гигиенаны сактабандыктан пайда болот. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКосметолог Айнура Сагынбаева
Косметолог с 15 летним стажем Айнура Сагынбаева - Sputnik Кыргызстан
Косметолог Айнура Сагынбаева

Колоңсо учурунда колтукту таза кармоо зарыл, болбосо бактериялардын көбөйүп кетет. Жөнөкөй дезодорант бактерияларды өлтүрөт, бирок терди токтото албайт. Косметологияда тер чыгара турчу бездерди убактылуу иштетпей турчу атайын препараттар бар. Мындан тышкары, көйгөйдөн узак убакытка арылам дегендер операция жасатса болот. Хирургиялык жол менен колтуктагы тер иштеп чыккан бездер алып салынат. Бул 7-8 жылга жаман жыттан алыс болууга жардам берет, кийин деле тер көп чыкпай калат.

Бут тердеген маалда тез-тез жуунуп, бактерияларга каршы самын жана гель колдонуу менен тазалануу керек. Ошондой эле булгарыдан тигилген бут кийим кийүүгө аракет кылыңыз. Байпакты күн сайын алмаштырып туруу зарыл жана ал синтетика болбошу керек. Тер сиңген байпак, кийимдерди ысыгыраак суу менен жууш зарыл.

Кычыштырган жана кыжалат кылган бит

Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эркектер гана ооруй турган 5 дарт
Врач-дерматолог Гүлага Байрамовдун айтымында, педикулез же бит басуу — бул жугуштуу дарт. Битти балдар көбүнесе бала бакчадан, чоңдор айланадан жуктуруп алышат. Бир эле бит түшсө болду, дарт илээшти дей бериңиз. Себеби паразит өз жумурткасын — сирке таштап, андан тез эле жаңылары чыгат. 

Коркунучтуусу — бит чакканда дене дүүлүгүп, адам муну көп көтөрө албайт. Тырманып атып жара кылат. Канталаган жерге кир-чаң, паразиттин заңы кирет. Жарага инфекция да жугушу ыктымал.

Биттен арылуу үчүн дарыгерге кайрылуу керек. Адистин айтымында, педикулезго каршы дарылардын көбү өтө кымбат. Шампунь же паразиттерге каршы спрей арзаныраак, бирок эң арзаны, албетте, майда тарак. Мунун баарын чогуу колдонуп, баштагы биттен арылса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0