Мухтар Ауэзовго 120 жыл. Кыргыз-казак элинин сыймыгы тууралуу беш факты

© Sputnik / Иосиф Будневич / Медиабанкка өтүүПисатель Ауэзов
Писатель Ауэзов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн казак элинин жазуучусу, илимпоз Мухтар Ауэзовдун туулган күнү. Бул датаны коңшу өлкөнүн академиялык чөйрөсү эл аралык деңгээлде өткөрүүдө. Боордош эки элдин маданий, илимий алакасында опол тоодой орду бар инсанды Sputnik Кыргызстан эскерип, ал жөнүндө кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Алкачкы фольклорист. Муктар Ауэзов 1897-жылы 28-сентябрда Казакстандын Семипалатинск облусунун Абай районунда туулган. Ал алгач орус мектебинен билим алып, кийин Ленинграддагы университеттин филология факультети менен Ташкент шаарындагы Орто Азия университетинин аспирантурасын аяктаган. Окумуштуу алгачкылардан болуп казак фольклорун изилдеп, студент кезинде эле чыгармаларды жаза баштаган. Бул мезгил аралыгында "Караш-караш" повестин жазып, "Казак адабиятынын тарыхы" аталышындагы илимий эмгегин жарыялаганга үлгүргөн.

Выпуск новых книг эпоса Манас - Sputnik Кыргызстан
"Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтигинин жаңы варианты чыкты
"Манас" илимий көз караш менен. Академик 1928-жылы Кыргызстанга келип, биринчилерден болуп кыргыз элинин уюткусу болгон эпосту изилдей баштаган. Окумуштуу "Манас кыргыз элинин баатырдык эпосу" аталышындагы изилдөөсүн 1935-жылы баштап бир жылдан кийин бүтүргөн. Бирок ошол мезгилдеги саясатка байланыштуу ал басылмадан чыккан эмес. Ауэзовдон кийин кыргыз, орус окумуштуулары эпоско илимий мамиле жасай баштаган. Көпчүлүк изилдөөчүлөр азыркыга чейин анын ошол кол жазмаларына таянып келет.

Куугунтукталган илимпоз. Жазуучу өз өмүрүндө эки жолу катуу кысымга кабылган. Биринчисинде 30-жылдардын башында совет бийлигине каршы чыгып, куралдуу көтөрүлүш уюштурууну көздөгөн делип үч жылга эркинен шарттуу ажыратылган. Ал эми экинчисинде 1950-жылы мекендештери тарабынан улутчул деген курулай жалаага дуушарланган. Бул аракеттер "Абай жолу" романы жарыкка чыккандан кийин башталган. Ошондо аны түрмөгө каматуу аракеттери күч алганда Россияга кетип кутулган. Изилдөөчү Москва мамлекеттик университетинде иштеп, мекенине Сталин көз жумгандан кийин гана кайтып келген.

"Манас" үчүн күйгөн инсан. Кыргызстанда 50-жылдарда "Манас" эпосун жокко чыгаруу аракеттери күч болгон. Маселени кабыргасынан коюп чечүү үчүн союздук өлкөлөрдүн беделдүү окумуштуулары 1952-жылы июнь айында Фрунзеге чогулган. Мурун-кийин эпосту изилдеген инсан катары Ауэзов дагы келип, аны учурдагы саясатка ылайыктап өзгөртүү туура эместигин ачык айтып, анын бириктирилген вариантын чыгарууну далилдүү, так доклады менен сунуштаган. Мындай бирдиктүү аракеттердин аркасында 1960-жылдардын башында "Манас" эпосунун бириктирилген варианты жарык көргөн. Анын кыргыздын уюткусун сактоого, бурмаланбоосу үчүн жасаган аракеттерин азыркыга чейин эл унутпай, эстеп келет.

Жазуучу Мухтар Ауэзовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
"Манаска" жана кыргызга жан тарткан Ауэзов. 1952-жылдагы тарыхый стенограмма
Боордоштордун достугунун сыймыгы. Ленин жана Сталин мамлекеттик сыйлыгынын ээси Кыргызстанга бат-баттан келип, интеллегенция менен жакшы мамиле түзгөн. Алардын айрымдарына жакшы устат болсо, дагы бирине ага, дос болгон. Драматург Чынгыз Айтматов, Аалы Токомбаев, Кубанычбек Маликов, Төлөгөн Касымбековдор менен катышып, манасчы Саякбай Каралевди Казакстанга чейин алып барып суденттери менен жолуктурган. Режиссерлордон Болот Шамшиев, Төлөмүш Океевге колдоо көргөзүп, "Караш-караш", "Көк-серек" чыгармаларына тасма тарттырган. Андан сырткары, ал кыргыз жерин аябай сүйгөн "эгер мага кудай экинчи өмүр берсе, Ысык-көл жээгинде жашап өткөрмөкмүн"—деп айтып калаарын шакирттери эскерет. Эки элдин сыймыгы 1961-жылы Москвада ооруканада көз жумуп, 1-июлда Алмата шаарында жерге берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0