Бишкекте балдарга карата зомбулукту токтотууга чакырган форум-театры өтөт

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүПрограмма помощи в усыновлении "Поезд надежды" в Бурятии
Программа помощи в усыновлении Поезд надежды в Бурятии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чаранын максаты балдарга карата болуп жаткан зомбулукту жоюуга коомчулуктун көңүлүн буруу

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Бишкек шаарында балдарга карата зомбулукту токтотуу көйгөйүн чагылдырган форум-театры өтөт. Бул тууралуу "Балдарды коргоо борборунан" билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Дордой жаңы конушунун тургундары, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын кызматкерлери, №94 мектептин мугалимдер жамааты, өспүрүмдөр менен иштеген милиция кызматкерлери жана социалдык кызматчылар катышат.

"Форум-театрында балдарга карата зомбулукту камтыган окуя чагылдырылат. Ал эми катышуучулар каалаган учурда окуяны токтотуп, сценарийин өзгөртүү менен абалдан чыгуу сунушун бере алат", — деп жазылат маалыматта.

Иш-чаранын максаты балдарга карата болуп жаткан зомбулукту жоюуга коомчулуктун көңүлүн буруу.

Форум-театр — бул социалдык театрдын бир түрү. Мында профессионал актерлор эмес, катардагы эле жарандар өнөрүн тартуулашат. Өзгөчөлүгү сценарийде камтылган көйгөйдү көрүүчүлөр менен чогуу чечүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0