Бишкектин айрым көчөлөрүндө маал-маалы менен жаратылыш газы өчүрүлөт

© AFP / MYCHELE DANIAUПодача газа в КР
Подача газа в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көгүлтүр от оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлүүдө

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. 29-сентябрдан 6-октябрга чейин Бишкектин айрым көчөлөрүнө жаратылыш газын берүү токтотулат. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынан маалымдашты.

Бирдирмеге караганда, оңдоо иштерине байланыштуу газ берүү үзгүлтүккө учурайт.

Көгүлтүр оту өчүрүлө турган көчөлөрдүн тизмеси:

  • 29-30-сентябрь, Үч-Коргон айылы, Атамамажан көчөсү;
  • 2-3-октябрь, Аламүдүн айылы, "Кыргызстан" жаңы конушу, Панфилов, Манас, Гоголь, Школьная көчөлөрү;
  • 3-4-октябрь, Бишкек шаарынын Пархоменко, Курманалиев, Кантемиров, Куликов көчөлөрү;
  • 5-6-октябрь, Кайназарова 48-54, Дэн Сяопин 258-296 көчөлөрү.
Жаңылыктар түрмөгү
0