Мамбет Мамакеевдин 90 жылдыгына арналган көргөзмө өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековХирург и общественный деятель Мамбет Мамакеев
Хирург и общественный деятель Мамбет Мамакеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көргөзмөгө мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илим, билим жана медицина кызматкерлери катышат.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Октябрь айынын аягында академик Мамбет Мамакеевдин 90 жылдыгына арналган "Улутубуздун улукманы" аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү өткөрүлөрүн Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканасынан билдиришти.

Көргөзмө "Ким элем, ким болдум?", "Хирургиянын патриархы", "Замандаштар жана ой толгоолор", "Устаттын шакирттери" аттуу төрт бөлүктөн турат.

"Көргөзмөгө мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илим, билим жана медицина кызматкерлери катышат", — деп айтылат билдиүүдө.

Атактуу хирург Мамбет Мамакеев — Октябрь революциясы, Эмгек Кызыл Туу, Элдин достугу, Кыргыз Республикасынын I жана II даражадагы "Манас" ордендери менен сыйланган. Жогорку Кеңештин беш жолку депутаты болгон. 2004-жылы ага "Кыргыз республикасынын баатыры" деген наам ыйгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0