Жаңы паспортту үйгө жеткирүү кызматы ишке кирди

Жазылуу
Бул кызматты колдонгусу келгендер паспорт алып жатканда арыз жазып, кошумча акча төлөшү керек

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Мындан ары жарандар паспортту үйгө чейин жеткирүү кызматын колдоно алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, "Кыргыз почтасы" даяр болгон паспортту арызда көрсөтүлгөн дарек боюнча жеткирип берет.

"Паспортту үйгө жеткирүү кызматы бардык калкты тейлөө, каттоо борборлорунда жана паспорттоштуруу бөлүмдөрүндө жеткиликтүү. Бул кызматты колдонгусу келген жарандар арыз жазып, жеткирүү кызматы үчүн 100 сом төлөшү керек. "Кыргыз почтасынын" кызматкерлери паспорт даяр болгондон кийин 2-3 күн аралыгында жаран менен байланышып, үйүнө жеткирип берет", — деп айтылат маалыматта.

Аталган кызмат "Таза коом" программасынын алкагында ишке ашып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0