Майлуу-Суу: аялдын чачын кырып, бир жума зордуктагандардын алды 13 жылга кесилди

Жазылуу
Сот жалпысынан үч кишиге өкүм чыгарган

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Майлуу-Суу шаардык соту 41 жаштагы аялды бир жума бою камап зордуктап, андан кийин чачын устара менен кырып салды деген үч кишиге карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук сотунун маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, жабыр тарткан аял бейтааныш үч киши аны 18-майдан 25-майга чейин кордошконун билдирген. Акырында ал эптеп качып чыкканын айткан.

Аталган факты боюнча үч киши шектүү катары кармалган.

Проблема анорексии в Франции - Sputnik Кыргызстан
Уулунун көзүнчө зордукталган аял: күйөөм урса мейли, акча тапса болду...
Майлуу-Суу шаардык соту 25-сентябрда чыгарган өкүмүнө ылайык, З.К. аттуу жаран Кылмыш жаза кодексинин "алдын-ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан зордуктоо" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми экинчиси "алдын-ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан мыйзамсыз түрдө эркинен ажыратуу" беренеси боюнча беш жылга, дагы бири "бейбаштык" беренеси менен үч жылга кесилди. Андан сырткары, 59-берененин негизинде белгиленген жазалар жарым-жартылай кошулуп, З.К. жалпысынан 13 жылга эркиндигинен ажыратылса, калган экөө да аталган берене боюнча жаза өтөө мөөнөтү 8 жылдан деп белгиленди. Үчөө тең жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактарында өтөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0