Бишкекте массалык түрдө турникке тартынуу боюнча рекорд коюу аракети көрүлөт

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүТурникке тартынып жаткан балдар. Архив
Турникке тартынып жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк рекорд коюу үчүн беш миң адам бир эле учурда турникке тартынышы керек

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Бишкек шаарында эң узун турник тургузулуп, ага бир эле убакта беш миң адамдын тартынуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу Street Workout Kyrgyzstan федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, демилге ишке ашса анда дүйнөлүк рекорд коюлат.

"Иш-чара Улуттук олимпиада комитетинин, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин, ошондой эле Street Workout Kyrgyzstan федерациясынын демилгеси менен уюштурулууда. Мында массалык түрдө турникке тартынуу боюнча рекорд коюлат", — деп жазылат маалыматта.

Каалоочулар 14-октябрь күнү саат 12:00дө Бишек шаарындагы эски аянтка келсе болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0