Баткенде жыл башынан бери 12 өспүрүм жол кырсыгынан каза болду

© AP Photo / Julio CortezЖолдо кулап жаткан велосипед. Архив
Жолдо кулап жаткан велосипед. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балдарды жол кырсыгынан сактоо үчүн учурда облус аймагында бир топ рейддер өткөрүлүп жатат

БАТКЕН, 27-сен. — Sputnik. Баткен облусунда жыл башынан бери 12 өспүрүм жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Дамира Юсупова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваБаткен облусунда жыл башынан бери 12 өспүрүм жол кырсыгынан каза болду
Баткен облусунда жыл башынан бери 12 өспүрүм жол кырсыгынан каза болду - Sputnik Кыргызстан
1/2
Баткен облусунда жыл башынан бери 12 өспүрүм жол кырсыгынан каза болду
© Sputnik / Зульфия ТургуноваКайгуул милиция кызматкерлери тарабынан жаш балдардын катышуусундагы жол кырсыктарын болтурбоо, өспүрүмдөрдүн өлүмүнүн алдын алуу максатында учурда облус аймагында "Көңүл бургула, балдар", "Жаш жөө жүргүнчү", "Коопсуз жол", "Балдар биздин келечегибиз" аттуу рейддер өткөрүлүп жатат.
Кайгуул милиция кызматкерлери тарабынан жаш балдардын катышуусундагы жол кырсыктарын болтурбоо, өспүрүмдөрдүн өлүмүнүн алдын алуу максатында учурда облус аймагында Көңүл бургула, балдар, Жаш жөө жүргүнчү, Коопсуз жол, Балдар биздин келечегибиз аттуу рейддер өткөрүлүп жатат. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Кайгуул милиция кызматкерлери тарабынан жаш балдардын катышуусундагы жол кырсыктарын болтурбоо, өспүрүмдөрдүн өлүмүнүн алдын алуу максатында учурда облус аймагында "Көңүл бургула, балдар", "Жаш жөө жүргүнчү", "Коопсуз жол", "Балдар биздин келечегибиз" аттуу рейддер өткөрүлүп жатат.
1/2
Баткен облусунда жыл башынан бери 12 өспүрүм жол кырсыгынан каза болду
2/2
Кайгуул милиция кызматкерлери тарабынан жаш балдардын катышуусундагы жол кырсыктарын болтурбоо, өспүрүмдөрдүн өлүмүнүн алдын алуу максатында учурда облус аймагында "Көңүл бургула, балдар", "Жаш жөө жүргүнчү", "Коопсуз жол", "Балдар биздин келечегибиз" аттуу рейддер өткөрүлүп жатат.

Анын айтымында, Кайгуул милиция кызматкерлери тарабынан жаш балдардын катышуусундагы жол кырсыктарын болтурбоо, өспүрүмдөрдүн өлүмүнүн алдын алуу максатында учурда облус аймагында "Көңүл бургула, балдар", "Жаш жөө жүргүнчү", "Коопсуз жол", "Балдар биздин келечегибиз" аттуу рейддер өткөрүлүп жатат.

"Облуста жалпы 300гө жакын орто мектеп бар. 2017-2018-жаңы окуу жылынан баштап ар бир жол четинде жайгашкан орто мектептерге, бала бакчаларга Кайгуул милиция кызматкерлери дайындалган. Алар эртең менен саат 8:00дөн кечки 17:00гө чейинки аралыкта мектепке келген жана үйүнө кайткан балдардын коопсуздугу үчүн жол тартибин көзөмөлдөп турушат", — деди Юсупова.

Мындан сырткары, милиция кызматкерлери окуучулар менен жакындан баарлашып, аларга жол эрежелерин үйрөтүшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0