30-сентябрдан тарта биометрикалык маалымат чогултуу убактылуу токтотулат

© Sputnik / Табылды КадырбековБиометрикалык маалыматтарды топтоо. Архив
Биометрикалык маалыматтарды топтоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеке маалыматын тапшыра элек, бирок шайлоодо добуш берүүнү каалагандардын бометриясы 29-сентябрга чейин кабыл алынат

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрынан 15-октябрына чейин биометрикалык маалымат чогултуу токтотула турганын Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, жеке маалыматын тапшыра элек, бирок шайлоодо добуш берүүнү каалагандардын бометриясы 29-сентябрга чейин кабыл алынат.

Ушу тапта биометрикалык жабдуулар бардык паспорт бөлүмдөрүндө, ЗАГС, Калкты тейлөө борборлору, Ленин, Октябрь, Свердлов жана Биринчи Май акимиаттарында иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0