Министр Батыралиев: инфаркт илдетинин алдын алууга жол ачылды

© Фото / Рамиз КаимовЦентр по изучению сердечно-сосудистых системы в Джалал-Абаде
Центр по изучению сердечно-сосудистых системы в Джалал-Абаде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалал-Абад шаарында жайгашкан түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий изилдөө борборуна ангиография жабдыгы Германия мамлекети тарабынан тапшырылган.

ЖАЛАЛ-АБАД, 25-сен. — Sputnik. Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий изилдөө борборуна тапшырылган ангиография аппараты жакынкы күндөрдө ишке берилет. Ал инфаркт ооруларынын алдын алууга чоң жардам бере турганын саламаттыкт сактоо министри Талантбек Батыралиев облустук ооруканалардын абалы менен таанышуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, учурда мурункудай тик учак жок. Ошондуктан бул аппараттын пайдаланууга берилиши Жалал-Абад облусу гана эмес, коңшулаш Өзбекстанга да пайдасын тийгизет.

"Анткени жүрөк ооруларынын алдын алуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзүлдү. Аталган аппараттын жардамы менен монитор аркылуу кан тамырлардын тосулуп калган жерлерин көрүүгө болот. Бейтапка наркоз берилбестен операция жасалат", — деди Батыралиев.

Кыргызстанга ангиография жабдыгынан төртөө гана келген. Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий изилдөө борборунда бир жылда 200дөй адамга операция жасалат. Министр жаңы жабдык иштей баштаса бир катар оорулууларга жакшы шарт түзүлөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0