Ош: колу-буту таңылып өз унаасынын багажнигинен табылган депутатка иш козголду

© Фото / Алексей ДаничевУнаанын багажындагы адам. Архив
Унаанын багажындагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оюн уюштурган жигит Ноокат районундагы айылдык кеңештин депутаты, мындан тышкары, Ош шаардык жаштар комитетинде да иштейт.

ОШ, 25-сен. — Sputnik. Досторун сыноо үчүн колу-бутун байлап, өз унаасынын багажнигине жатып алган жергиликтүү кеңештин депутатына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине шаардык милициянын маалымат катчысы Райхан Абдразакова билдирди.

Анын айтымында, депутатка иш Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

"2017-жылдын 23-сентябрында аймактык милиция кызматкерлерине унаада колу-буту байланган жигит жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жигит досторунан телефон аркылуу куткарып кетүүнү өтүнгөн. Милиция кызматкерлери менен досторунун ыкчам аракеттеринин натыйжасында калаа четинен 27 жаштагы жергиликтүү кеңештин депутаты өз унаасында колу-буту байланган абалда табылган", — деди Абдразакова.

Аталган жигит милиция кызматкерлерине көрсөтмө берип жатып, досторун сыноо максатында оюн уюштургандыгын айткан.

Учурда бул фактынын негизинде териштирүү иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0