Бул эмне? Шаар тургундары суудан түшүнүксүз жандыкты табышты

© SputnikСлизняки найденные в колодце по адресу Караванский 15 в Бишкеке. Фото со страницы Facebook пользователя Чолпон Мундузбаева
Слизняки найденные в колодце по адресу Караванский 15 в Бишкеке. Фото со страницы Facebook пользователя Чолпон Мундузбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жандыктар жарылган суу түтүгүнүн ичинен чыккан

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын тургуну Чолпон Мундузбаева социалдык тармактарга суудан чыккан "белгисиз жандыктын" сүрөттөрүн жарыялаган.

Ал "Бишкексууканал" ишканасынын жетекчилигине кайрылган.

"Кечээ биздин кошунабыздын (дареги Биринчи Май району, Караван көчөсү 15) суу түтүгү жарылып кетип, аны ичинен коркунучтуу жандыктар чыкты. Булар эмне экендиги түшүнүксүз, алардын узундугу 10-12 сантиметрге жетет экен. Биз бул сууну дүйнө жүзүндөгү эң таза суу деп ичип жатабыз. Урматтуу шаар тургундары бул сүрөттөрдү тиркеп койдум. Абайлагыла жана кайнатылбаган сууну ичпегиле", — деп жазган Мундузбаева.

Кийинчерээк "Бишкексууканал" ал жерде текшерүү жүргүзүп, сүрөттөрдөгү жандыктар кудуктан табылгандыгын кабарлаган. Иш жүзүндө суу ал жакка муниципалдык ишкананын түтүктөрү аркылуу келе тургандыгы тастыкталган.

"Кудук ачык жана айланасы ным болгондуктан ичине жержелимдер кирип кеткен. Ишендирип коелу биздин суу түтүктөрүбүздө эч кандай майда жандыктар болушу мүмкүн эмес", — деп жазылат билдирүүдө.

Муниципалдык ишкана шаар тургундарын кырдаалга түшүнүү менен мамиле жасаганы үчүн ыраазычылык билдирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0