Дүйшөмбү күнү борбор калаанын айрым бөлүктөрүндө жарык өчөт. Тизме

© AFP / SEBASTIEN BOZONЭлектр лампасы. Архив
Электр лампасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оңдоо иштерине байланыштуу борбор калаанын 20га жакын көчөсүндө жарык жок болот

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү Бишкектин айрым бөлүктөрүндө жарык өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ачык акционердик коомунун маалымат кызматы кабарлады.

Бишкекжылуулукэнерго ишканасында жаңы гелиоколлекторлордун — күндүн энергиясын топтой турчу жабдуунун бет ачары болду - Sputnik Кыргызстан
Ап, бали! Бишкекте күндүн энергиясы колдонула баштады
Билдирүүгө ылайык, 25-сентябрда борбор калаанын Шабдан баатыр, Тоголок Молдо, Саадаев, Орозбеков көчөлөрү менен Красный строитель жаңы конушунун Сары-Челек, Чоң-Курган, Нурек, Дубосековский, Набережный, Зеравшан, Ак-Сай, Барнаул, Беш-Күнгөй көчөлөрүндө жана Орто-Сай айылынын Иманалиев көчөсүндө 09.00дөн 17.00гө чейин электр энергиясы жок болот.

Андан сырткары, оңдоо иштерине байланыштуу Чүй, Садырбаев, Северный көчөлөрү менен Ынтымак, Арча-Бешик, Ак-Өргө жаңы конуштарынын айрым жерлеринде 09.00дөн 18.00гө чейин жарык берүү үзгүлтүккө учурайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0