Кыргызстанда сасык тумоо менен гриппке каршы 189 миң адам эмдөөдөн өтөт

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүШприц. Архив
Шприц. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сасык тумоо жана грипп ооруларын алдын алуу үчүн 2017-2018-жылдагы эпидемиологиялык сезондо 189 миң адамды эмдөөдөн өткөрүү пландаштырылууда

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын сегиз айында өлкө боюнча сасык тумоо менен ооруган 116 542 жана грипп илдетине кабылган 400 адам катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Сезонный рост заболеваемости гриппом и ОРВИ в России - Sputnik Кыргызстан
Сасык тумоо башталдыбы? Оорудан оолак болуу үчүн дарыгердин кеп-кеңеши
Маалыматка ылайык, сасык тумоо жана гриппке каршы жарандарды акысыз эмдөөдөн өткөрү үчүн 84 миңден ашуун вакцина сатып алынган. Учурда аталган дары каражаттарын региондорго бөлүштүрүү иштери аяктоо алдында турат. Мындан сырткары, ушул эле багытта дагы 105 миң вакцина алып келинет.

Сасык тумоо жана грипп ооруларын алдын алуу үчүн 2017-2018-жылдагы эпидемиологиялык сезондо 189 миң адамды эмдөөдөн өткөрүү пландаштырылууда. Бул 2016-2017-жылга салыштырмалуу 2,5 эсе көп. Ошондой эле сезонго карата 100 медицина кызматкерлери даярдалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0