"Демир банк" иштебей калган терминалдар боюнча жооп берди

© Sputnik / Жоомарт УраимовДеятельность Demir Bank в Кыргызстане
Деятельность Demir Bank в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейшемби күнү "Демир Кыргыз Интернэшнл Банк" ЖАКтын банкоматтары кардарларга кызмат көрсөтпөй жатканын айтып, шаар тургундары нааразычылыктарын билдиришкен

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. "Демир Кыргыз Интернэшнл Банк" ЖАК бейшемби күнү болгон көрүнүшкө карата жооп берди.

Бишкектик жарандар банкоматтар иштебей жатканын айтып, арызданышкан.

"DemirBank банкоматтардын ишин калыбына келтирди. Бейшемби күнү, 21-сентябрда, техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам банк картасына кызмат көрсөтүү үзгүлтүккө учурады. Ошондой эле системадагы мүчүлүштүктөргө байланыштуу кардарларды колдоо кызматы штаттык режимде иштей алган жок. Буга байланыштуу бардык чалууларга жооп берүү мүмкүн болбой калды", — деп айтылат маалыматта.

Банктын адистери болгон күч аракетин жумшап, көйгөйдү жоюшкан. Учурда бардык системалар иштеп жатат. DemirBank түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн кардарларынан кечирим сурайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0