Атамбаев Мексикадагы жер титирөөдөн улам өлкө башчысына көңүл айтты

© REUTERS / Henry RomeroПоследствия сильного землетрясения в Мехико
Последствия сильного землетрясения в Мехико - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мексикадагы кечээки зилзаладан каза тапкандардын саны акыркы маалыматтар боюнча 230га жетти

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Мексикадагы жер титирөөдөн улам каза болгондорго байланыштуу өлкө президенти Энрике Пенья Ньетого көңүл айтты.

"Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркагандар тезирээк сакайып кетишине тилектешмин", — деп айтылат телеграммада.

Мексикадагы кечээки зилзаладан каза тапкандардын саны 230га жетти. Адистердин айтымында, жер титирөөнүн күчү 7,1 магнитудага жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0