Ырчы Ники Минаж бишкектик студенттин Сочи фестивалына баруусун каржыламай болду

© AP Photo / Matt SaylesБелгилүү америкалык ырчы Ники Минаж. Архив
Белгилүү америкалык ырчы Ники Минаж. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ырчынын Бишкектеги күйөрманы бир жума мурун анын Twitter баракчасына 350 доллар сурап жазган

БИШКЕК, 21-сен — Sputnik. Белгилүү америкалык ырчы Ники Минаж кыргызстандык студент Акжол Медербековдун суранычына жооп берип, ага акчалай жардам бермей болду.

Ырчынын Бишкектеги күйөрманы бир жума мурун анын Twitter баракчасынан 350 доллар сурап жазган. Бул каражат кыргызстандык студенттин 14-октябрдан 22-октябрга чейин Сочи шаарында өтө турган эл аралык студенттик иш-чарага катышуу үчүн жол киресин жапмак.

Белгилүү болгондой, Минаж студент баланын катына бир жумадан кийин жооп берип, жардам берерин айткан.

​"Мен сага бул акчаны берем. Бирок сага 350 доллар эле керекпи же 350 миң долларбы?" — деп сураган Twitter баракчасы аркылуу Минаж Акжолдон.

Эми кыргызстандык студент ырчынын жакында салып жиберчү акчасын күтүп жатат.

Ники Минаж ар дайым өзүнүн күйөрмандарын окууга үгүттөп, аларга материалдык жардам берип келет.

Ушул жылдын май айында ал ондогон студентке контракттарын жана окууга карыз болуп калган акчаларын төлөп берген. Ошондон бери ал кайрымдуулук менен алектенип жүрөт.

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев былтыр Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылында төрөлгөн үч эмдин ата-энесине үй белек кылды - Sputnik Кыргызстан
Ак-Талаада кырктын кырында үч эм тапкан үй-бүлөгө президент турак жай белек кылды
Ники Минаж — америкалык ырчы жана рэпер. Анын биринчи эки альбому тең АКШдагы эң абройлуу делген "Билборд 200" хит парадындагы рейтингде алдыңкы катардан түшкөн эмес.

Ал эми Сочиде өтө турган XIX Бүткүл дүйнөлүк жаштар жана студенттер фестивалына 150 өлкөдөн 18 жаштан 35 жашка чейин ар түрдүү катмардагы 20 миңге чукул жаш, профессионалдуу адамдар катышат. Бу жолкусуна дүйнөлүк белгилүү саясатчылар, атактуулар, анын ичинде Ник Вуйчич жана Facebook тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукербергдин катышуусу күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0