Атамбаев: Борбор Азиядагы суу маселелерине башкалардын көз карашын таңуулабагыла

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАлмазбек Атамбаев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын Нью-Йоркто өтүп жаткан жалпы дебаттарында
Алмазбек Атамбаев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын Нью-Йоркто өтүп жаткан жалпы дебаттарында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын президенти Борбор Азиядагы мамлекеттерге суу колдонуу тармагындагы кызматташууга эл аралык жана аймактын уюмдардын көз карашын таңуулоого жол берилбеше керектигин айтты

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев Борбор Азияда сууну колдонуу маселелерин аймактагы мамлекеттер өздөрү гана чечиши керектигин Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын Нью-Йоркто өтүп жаткан жалпы дебаттарында билдирди.

Алмазбек Атамбаевдин БУУнун Башкы ассамблеясындагы сөзү - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Атамбаевдин БУУнун Башкы ассамблеясындагы сөзү
Анын айтымында, сууэнергетика ресурстарын өз ара пайдалуу колдонуу Борбор Азиядагы бейпилдиктин негизги факторлорунун бири болуп эсептелет. Атамбаев ошондой эле Кыргызстан аймакта суу колдонуу боюнча экономикалык механизмдерди иштеп чыгууну ыраттуу түрдө көтөрүп келе жатканын белгиледи.

Президент андан сырткары суу ресурстарынын чектелүү болгону эртедир-кечтир анын экономикалык ресурс экенин түшүнүүгө алып келет жана аны акыл менен пайдаланууну талап кыларын кошумчалады.

"Борбор Азиядагы суу маселелерин аймактагы мамлекеттер гана бардык тараптардын кызыкчылыгын эске алуу менен ачык пикир алышуу жолу аркылуу чечиши керектигин баса белгилегим келет. Эл аралык жана аймактык уюмдардын Борбор Азия мамлекеттерине аталган тармактагы кызматташуу жана өнүгүү боюнча өздөрүнүн кадамдарын жана өнүгүү жолдорун таңуулоого жол берилбеши керек", — деди Атамбаев.

БУУнун Башкы ассамблеясынын 72-жыйынындагы дебаттардын темасы "Көңүлдү адамга буруу менен: жашоого жөндөмдүү планетада бардыгы үчүн тынчтыкты жана татыктуу турмушту камсыз кылууга умтулуу" деп аталат.

Алмазбек Атамбаев Башкы ассамблеянын жыйынына биринчи жолу катышып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0