Ат-Башыга дарбыз, анделек өстүргөн Үркүнчиев: эми жемиш бактарын көбөйтөм

© Фото / предоставлено Кенжетай УркунчиевымЖитель села Терек-Суу Кенжетай Уркунчиев
Житель села Терек-Суу Кенжетай Уркунчиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нарын облусундагы Ат-Башы районуна караштуу Терек-Суу айылынын тургуну Кенжетай Үркүнчиев өз айылына дарбыз айдап, учурда анын түшүмүн алып жаткан кези.

Багбан, мындан сырткары, аба ырайы катаал өрөөнгө көп жылдан бери кулпунай, бадыраң, помидор сыяктуу жашылча-жемиш өстүрүп келет.

Алыскы Ат-Башыдагы багбан менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Таалайгүл Усенбаева байланышып, жайы салкын, кышы суук өрөөнгө жер-жемишти кантип өстүрүп жатканына кызыгып көрдү.

— Ат-Башыда эч нерсе бышпайт дечү эле, дарбыздарыңыз жакшы эле быштыбы?

— Негизи биздин өрөөндө чындап эле аба ырайы катаал. Жайында деле кечкисин суук болуп турат. Ушундан уламбы, дарбыздарым ичи бышты, бирок жакшы чоңойбой койду. 

© Фото / предоставлено Кенжетай УркунчиевымАба ырайы катаал делген Ат-Башыга мөмө-жемиш өстүрүп жаңылык киргизген Кенжетай Үркүнчиев
Житель села Терек-Суу Кенжетай Уркунчиев - Sputnik Кыргызстан
Аба ырайы катаал делген Ат-Башыга мөмө-жемиш өстүрүп жаңылык киргизген Кенжетай Үркүнчиев

— Көп эктиңиз беле?

— Жок, жөн гана байкап көрөйүн деп 10 түп эле айдагам. Ар бир түптөн экиден дарбыз алдык.

— Ат-Башынын дарбызынын даамы кандай болот экен анан?

— Абдан таттуу болот экен. Себеби биз жакта аба таза, эч кандай химикат кошулбайт. Негизи эле бул жакта бышкан жашылча-жемиштин баарынын даамы жакшы болот. 

© Фото / Кенжетай УркунчиевҮркүнчиев: биз жакта бышкан жашылча-жемиштин баарынын даамы жакшы болот
Житель села Терек-Суу Кенжетай Уркунчиев - Sputnik Кыргызстан
Үркүнчиев: биз жакта бышкан жашылча-жемиштин баарынын даамы жакшы болот

— Дарбыздан башка дагы көп жашылча-жемиш айдайт деп уктук…

— Ооба, быйыл капуста, сабиз, кызылча, түрп, кызыл капуста, бадыраң, помидор эгип, малина, карагат, кулпунай өстүрдүм. Былтыр эксперимент кылып анделек айдагам, жакшы эле болду. Быйыл дарбызды байкап көрдүм.

— Булардын баарын жөн эле огородго айдадыңызбы же күнөсканагабы?

Аравандык Анвар аттуу дыйкан көп жылдан бери күнөскана тармагын мыкты өздөштүргөн адис, жеке ишкер Бакай Алиев - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда биринчи жолу күнөсканада дарбыз бышты. Адис менен маек
— Жок, бадыраңдан башкасынын баары огороддон эле бышат. Бадыраңды деле мурун огородго экчүмүн, бирок бул жактан аба ырайы кескин өзгөрө бергендиктен быйыл күнөскана салып бадыраңды ошол жакка эктим. Башкысы жылуулап, желдетип турсаң эле жакшы өсөт экен. Күнөсканага өстүргөнгөбү, айтор, быйыл бадыраңдын түшүмү жакшы болуп, эки тоннадан ашык түшүм жыйнадык. Ал эми помидор жакшы кызарбай калат.

— Жашылчаларыңызды сатасызбы же өзүңөр үчүн эле өстүрөсүзбү?

— Өзүбүзгө жетишинче алып калып, калганын айылдагы эле дүкөндөргө өткөрөбүз. Аларды бул жактагы жашоочулар "туздайбыз" деп сатып алып кетти. Ошондой эле капуста, сабиз, кызыл капустанын баарын эле сатабыз. Кулпунай, карагат, малинаны да кыям жасаган учурда эл талап кетет.

© Фото / Кенжетай УркунчиевБагбан дарбыз, анделек, капуста, сабиз, бадыраң, помидор өстүрөт
Багбан дарбыз, анделек, капуста, сабиз, бадыраң, помидор өстүрөт - Sputnik Кыргызстан
1/3
Багбан дарбыз, анделек, капуста, сабиз, бадыраң, помидор өстүрөт
© Фото / Кенжетай УркунчиевҮркүнчиев багбанчылыктан тышкары коен багуу менен алектенет
Үркүнчиев багбанчылыктан тышкары коен багуу менен алектенет - Sputnik Кыргызстан
2/3
Үркүнчиев багбанчылыктан тышкары коен багуу менен алектенет
© Фото / Кенжетай УркунчиевОгороддо өскөн кулпунай
Огороддо өскөн кулпунай - Sputnik Кыргызстан
3/3
Огороддо өскөн кулпунай
1/3
Багбан дарбыз, анделек, капуста, сабиз, бадыраң, помидор өстүрөт
2/3
Үркүнчиев багбанчылыктан тышкары коен багуу менен алектенет
3/3
Огороддо өскөн кулпунай

— Баалары кандай?

— Базарга караганда бир аз арзан.

— Демек, аба ырайы катаал делген Ат-Башыда деле баарын өстүрсө болот турбайбы?

Британиядагы ишин таштап Кыргызстанга келген мекендеш күнөскана ишин колго алды
— Ооба, бирок көп түйшүктү талап кылат. Ар бирин караш керек. Бизде жайкысын деле 10 күн аба ырайы ачык болсо, 10 күн жамгыр жаайт. Мындан улам аларды үшүк алып кетпеш үчүн күбүлүп түшүп калып же аларды мал-сал тебелеп, жеп кетпеш үчүн жакшылап караш керек. Мен буюрса кийинки жылдары айылга алма, өрүк, шабдалы бактарын көбөйтсөмбү деп пландап жатам. Быйыл тиктим буюрса, бир-эки жылда мөмө байлап калат деген үмүт бар.

— Баса, сизди коен да багат деп уктук эле…

— Ооба, коен бакканыма көп жыл болду. Айылдаштар мени "мичурин" деп коет.

© Фото / Кенжетай УркунчиевКожейке малинанын түшүмүн терүүдө
Житель села Терек-Суу Кенжетай Уркунчиев - Sputnik Кыргызстан
Кожейке малинанын түшүмүн терүүдө
— Канча коенуңуз бар? Аны кой-уйга караганда багуу бир аз жеңил болсо керек.

— 20дан ашык коен бар. Албетте, жеңил. Аларды камап коюп убагында тамагын берип коесуң. Менин огородуман чыккан отоо чөптүн баарын ушуларга салып берем. Анан бизде эт деген көйгөй жок. Коендун эти абдан даамдуу жана сиңимдүү, терисинен тигилген тумактар абдан жылуу болот. Бир-эки жыл коендун терисинен тумак тигип да сатып калдым. Азыр ага кол тийбей жатат.

— Айыл тургундары сатып алабы?

— Ооба, эки-үч киши биригип алып союп жейбиз деп алгандар бар, багабыз деп да 4-5тен сатып алышат. Баасы 250-500 сомдун тегерегинде. Негизи коендун баасы кымбат эле, бирок мен арзан эле сатып жиберем.

Жаңылыктар түрмөгү
0