Сууну булгабагыла! Ошто Араван — Ак-Буура каналы текшерилип жатат

© пресс-служба Госэкотехинспекции Незаконное заливание отходами реки Ак-Буура в Оше.
Незаконное заливание отходами реки Ак-Буура в Оше. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин жергиликтүү тургундардын саркынды сууларын каналга агызган фактылары катталган

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Мамэкотехинспекциянын аймактык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Ош шаарындагы Араван — Ак-Буура каналы текшерилип жатат. Бул тууралуу аталган ведомстовонун маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, каналдын текшерилип жатышына чейин шаардагы "Туран" кичи районунун тургундары саркынды сууларын каналга агызган фактылар себеп болгон.

"Мамэкотехинспекция ошол кезде жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мыйзам бузган айрым жарандарды жоопко тарткан. Ошондой эле саркынды суулар дарыяга кошулбас үчүн атайын септиктерди жасоо талаптары коюлган", — деп жазылат маалыматта.

Учурда каналдагы сууну текшерүү иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0