Бишкектин 19 көчөсү шаршемби күнү жарыксыз калат. Тизме

© AFP / SAFIN HAMEDОтключение электричества в КР
Отключение электричества в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир нече конуштар менен борбордук көчөлөрдө ремонт иштери жүргүзүлөт

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Бишкектин 19 көчөсү шаршемби күнү убактылуу жарыксыз калат. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты.

Жарык берүү негизинен жаңы конуштарда үзгүлтүккө учурайт.

"Красный строител" жаңы конушундагы Сары-Челек, Барнаул, Нурек, Дубосеков көчөлөрүндө жана Ак-Сай менен Беш-Күнгөй тар көчөлөрүндө саат 9.00дөн 18.00гө чейин жарык жок болот.

Торжественная церемония открытия главного корпуса новых энергоблоков ТЭЦ города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Реконструкциядан кийин Бишкек ТЭЦинин кубаттуулугу 1,5 эсеге өстү
Төмөнкү Төкөлдөштүн Айтматов, Балтия жана Калинин көчөлөрү 9.00дөн 18.00гө чейин жарыксыз калат. Бул убакыт аралыгында "Түндүкэлектр" ишканасынын кызматкерлери техникалык мүчүлүштүктөрдү жоюу иштери менен алектенет.

Трансформатор подстанциясындагы ремонт иштери саат 9.00дөн 18.00гө чейин "Жеңиш", "Ак-Босого", конуштарында жана Чоң-Арык айылын жарыксыз калтырат.

Мындан тышкары, Шорин, Тоголок Молдо, Ташкент, Исанов, Шаумян, Кудрука жана Күрөңкеев көчөлөрүндө саат 9.00дөн 18.00гө чейин жарык жок болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0